Видео – Программист атасына функционалдуу протез жасап берди

Минск шаарынын программисти Олег Гальцев атасы үчүн Arduino платасынын базасында анча кымбат эмес жана функционалдуу кол протезди иштеп чыкты.

Протездин негизги тетиктери 3D-принтерде басылып, ар кыл кыймыл-аракеттерди аткарууга жөндөмдү. Жасалма колдун жардамы менен Сергей Гальцев стакандан суу ичип же дөңгөчтү электр ара менен аралай алат.

Олег Гальцевдин айтымында, протездин компоненттерине жана аны иштеп чыгууга 1-1,5 миң доллар акча кетет. Бул арада базардагы буга окшогон функционалдуу протездердин наркы 30 миң доллар.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *