Видео – Ренат Самудиновдун айтуусунда КСДПны 2010-жылдан бери көзөмөлдөп келаткан Россиянын жараны Алексей Василивецский бүгүн КСДПнын съездинде да жүрдү

Бүгүн, 15-июлда өткөн КСДПнын XVI съездинде, делегаттардын арасында Россиянын жараны, идеологу Алексей Василивецский аралашып жүргөнү байкалды. КСДПнын жаштар канатынын лидери Ренат Самудиновдун билдирүүсүндө чет элдик жаран Алексей Василивецский КСДПны 2010-жылдан бери көзөмөлдөп келатат.

Бул, Алексей Василивецский тууралу экс-төңкөрүшчү Роза Отунбаева да 13-июлда Бишкектин Биринчи май районундагы Текебаев менен Чотоновдун сотунда кыйыта айтып кетти.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы болуп иштеген Эмилбек Каптагаевдин “Биздин УКМКнын ар бир башкармалыгына бирден ФСБнын кызматкерлери келип көзөмөлдөп олтуруп алышкан” деп айтканы бар.

Ал эми Алмаз Атамбаевди да 2010-жылдан тартып Россиядан жөнөтүлгөн жан сакчылар кайтарып жүрүшкөнүн бир нече жергиликтүү ММКлар жазып чыгышкан.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео окурмандар тарабынан Ватсап сервиси аркылуу салынды

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *