Видео – Саакашвили украин жарандыгы үчүн күрөшөт

Михаил Саакашвили аны Украина жарандыгынан ажыратуу чечими боюнча сотко даттанат. Бул тууралуу анын адвокаты Павел Богомазов билдирди. Ал апелляциялык арыз чечимдин кагаз жүзүндөгү версиясы колго тийгенден кийин берилерин айтты.

27-июлда Киевде Михаил Саакашвилинин “Жаңы күчтөр кыймылы” уюштурган нааразылык акциясы өттү. Саясатчынын тарапташтары президенттин администрациясына чейин жөө жүрүш жасашты.

Саакашвилинин жарандыктан ажыратылгандыгы тууралуу 26-июлда белгилүү болгон. Андан көп өтпөй АКШда жүргөн саясатчы Киевге кайтып барып, «Украинадагы реформалар үчүн» күрөштү улантуу ниети бар экенин билдирген.

Саакашвили 2013-жылга чейин Грузиянын президенти болгон. Ал 2015-жылдын майында украин жарандыгын алып, дароо Одесса облусуна губернаторлукка дайындалган. 2016-жылдын аягында бул кызматын тапшырган. Аны Саакашвили аймактагы коррупция менен күрөшүү мүмкүн болбой калганы, анткени аны президент өзү колдоору менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *