Видео – Самаркандда тарыхый имаратты буздурбай сактап калышты

Самарканддагы тарыхый имарат

28-июнда Самарканд облустук соту ЮНЕСКОнун коргоосундагы имарат жайгашкан жер тилкесин Max Real Stroy Invest компаниясына берүү тууралуу шаар бийлигинин чечимин жокко чыгарды

«Эми Пушкин көчөсүндө жайгашкан №3 үй бузулбайт. Ал үй жайгашкан жер тилкесин Max Real Stroy Invest компаниясына бөлүп берүү тууралуу калаа башчынын буйругу күчүн жоготту», — деп билдиришти соттун катчылыгынан.

Аталган тарыхый имаратка ээлик кылган жергиликтүү ишкер Акмал Узаковдун айтымында, мындай чечимдин чыгарылышына жакында эле премьер-министр Абдулла Ариповдун Самаркандга болгон сапары таасир этти.

– Буга чейин соттор бизге каршы чечим чыгарып келишкен. Мурдараак шаардык сотто утулуп калганбыз. 28-июнда болсо облустук сот биздин пайдабызга чечим чыгарды. Калаа башчысы курулуш компаниясына 1906-жылы тургузулган үйдү бузууга кантип уруксат бергенин түшүнбөй турабыз. Бул үйдө Самарканддагы революцияга катышкан колбашчы Гай жашаган, – деди Акмал Узаков.

Анын айтымында, тарыхый имарат ар бирине номур коюлган «николев кыштарынан» курулган.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар Самарканддын башчысы Фуркат Рахимов ЮНЕСКОнун коргоосундагы тарыхый имараттар жайгашкан шаардын европалык бөлүгүндөгү 34 объектидеги курулуш иштерин токтотууну тапшырганын кабарлашкан. 23-июнда өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов Самаркандга барып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *