Видео – Tashkent City курула турган жердеги эски үйлөр күч менен түрттүрүлүүдө

Эл аралык Tashkent City ишкер борборун куруу үчүн Укчи-Алмазар конушундагы жеке турак-жайлар түрттүрүлүүдө. 8-марттан тарта өз үйүнөн чыккысы келбегендерди күч менен көчүрүшүүдө. Алар административдик мыйзам бузууга айыпталып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилүүдө.

– Биринчиден, бул кишилердин баары жаңы турак-жай менен камсыз болушкан. Ошондуктан биз алардын үйлөрүн түрттүрүүгө укуктуубуз. Эгер өз каалоолору менен үйлөрдү бошотушпаса, мамлекет аларды күч менен көчүрөт. Каршылык көрсөткөндөр административдик жоопкерчиликке тартылат, – деди Ташкент шаардык мэриясынын кызматкери Бекзод Мадрахимов.

Маалыматтарга караганда, бул конуштагы жашоочулар менен бийлик бир пикирге келе элек. Ташкент шаарынын тургуну Мурад Сотволдиевдин айтымында, укук коргоо кызматкерлери үйлөрүнөн чыгууну каалабаган жарандарды сабап, андан соң алар үчүн “тез жардам” чакырышкан.

– Ташкент шаарынын Яшнабад районунда орун ала турган көп кабаттуу имарат беш айда салынып бүтөт. Ага чейин бул кишилер батирде жашап турушу керек, алты айдын ижара акысын алдын ала төлөп бердик. Алар акчаларын алып алышып, эми жолду бульдозер менен тосуп, бийликке дагы талап коюшуда, – деди Бекзод Мадрахимов.

Tashkent City борборунун жалпы наркы 1 миллиард доллар турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *