Видео – Ташкентте түнкү клубдун сакчылары Өзбекстандын эрежесиз эр уруш боюнча чемпионун сабап өлтүрүшкөн

Ташкентте, 8-августтан 9-августка караган түнү “Аурум -898” түнкү клубуна келген Өзбекстандын эрежесиз эр уруш боюнча чемпиону, 25 жаштагы Жамшид Кенжаевди клубдун сакчылары сабап өлтүрүшкөнү видеокамерага тартылып калынган. Бул тууралу өзбек ММКлары билдирип жатышат.

Клубдун сакчыларынын версиясы боюнча чемпион Жамшид Кенжаев клубга бычак менен кирүүгө аракет кылган. Анын жолун тоскон сакчыларга Жамшид Кенжаев биринчи болуп бычак салган. Көптөп кетишкен сакчылар Жамшидди сабашып, колунан бычакты сууруп алып, кайра өзүнө сайышкан. Натыйжада Жамшид Кенжаев кансырап каза болгон. Ал эми сакчылардын экөөсү ооруканага түшүп, үчөөсү камакка алынган.

Жамшид Кенжаев

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *