Видео – “Таза шайлоосуз таза коом жок!” атуулдук кыймылы түзүлдү

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаарында белгилүү саясатчылар, көрүнүктүү коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер катышкан, 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоонун таза өткөрүлүшүн көзөмөлдөй турган “Таза шайлоосуз таза коом жок!” аттуу саясый атуулдук кыймылды уюштуруу жыйыны болуп өттү.

Жыйынга КР ЖКнын экс-спикерлери Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов жана КР экс-Премьер-министрлери Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-президенттин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жана башка саясатчылар да катышышты.

Жыйындын соңунда уюштуруучулар атайын меморандум кабыл алып, элге кайрылуу жасашты жана 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоонун таза өткөрүлүшүн көзөмөлдөй турган “Таза шайлоосуз таза коом жок!” аттуу саясый атуулдук кыймылдын уюшулганын жарыялашты.

"ТАЗА ШАЙЛООСУЗ ТАЗА КООМ ЖОК" атуулдук кыймылы тузулуудо. Туз…

"ТАЗА ШАЙЛООСУЗ ТАЗА КООМ ЖОК" атуулдук кыймылы түзүлүүдө. Түзүүчүлөр: Белгилүү саясатчылар, көрүнүктүү коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер. NEXT TV түз эфирде.

Posted by Next TV on Monday, September 11, 2017

Видео Next TV

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *