Видео – Төрт өлкө британ өкмөтүнүн Скрипалдар иши боюнча бүтүмүн колдоду

6-сентябрда АКШ, Франция, Германия жана Канада орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына Москванын тиешеси бар деген Улуу Британиянын позициясын колдоду.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркел, АКШ президенти Дональд Трамп, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй биргелешкен билдирүү жасашып, Орусияны Скрипалдар ууландырылган «Новичок» деп аталган химиялык заттын өндүрүш программасын ачыкка чыгарууга үндөштү.

5-сентябрда Тереза Мэй Скрипалдарды Кремлдин буйругу менен Орусиянын атайын кызматынын өкүлдөрү ууландырганын билдирген. Британ прокуратурасы кол салууга шектелип жаткан Александр Петров менен Руслан Бошировдун сүрөтүн жарыялаган.

«Британ бийлигинин билдирүүсү — чет өлкөлүк чалгын кызматтардын биздин аймагыбыздагы душмандык ишмердүүлүгүн токтотууга, химиялык курал колдонууга тыюу салууга, ошондой эле бизге каршы багытталган зыяндуу кийлигишүүлөрдөн коргонууга болгон аракетти бекемдейт», — деп айтылат лидерлердин биргелешкен билдирүүсүндө.

Улуу Британия Скрипалдар СССРде өндүрүлгөн нервди шал кылуучу «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирип келет. Бул ишти иликтөөнүн алкагында Лондон 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарган. Москва бул ишке тиешеси бар экенин четке кагып, жооп катары британ дипломаттарын Орусиядан чыгарып, өлкөдөгү Британ кеңешин жаба турганын билдирген.

6-сентябрда Daily Mail гезити Петров менен Боширов «Новичок» затын Скрипалдар жашаган үйдүн туткасына сүйкөп кеткенден кийин тартылган видеону жарыялады. Анда Петров менен Бошировдун коллекциялык монеталар сатылган дүкөндүн текчесин карап жаткандыктарын көрүүгө болот:

Улуу Британиянын прокуратурасы “Петров” менен “Боширов” өлкөгө 2018-жылы 2-мартта орус паспорттору менен келишкенин, бирок анда алардын чыныгы аты-жөнү жазылган-жазылбагандыгы белгисиз экенин билдирүүдө. Көзөмөл органдын маалыматына караганда, ууландыруучу «Новичок» затын алар Nina Ricci атырынын идишинде алып өтүшкөн. 3-мартта болсо Солсбериге чалгынга барышып, эртеси Сергей Скрипаль жашаган үйдүн туткасына «Новичок» сүйкөшкөн. Андан соң ошол эле күнү Москвага учуп кетишкен.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *