Видео – Түндө Кеминдин Боо-Жетпес капчыгайында карышкырлардын үйүрү бир жаштагы аюуга кол салып, талап өлтүрүшкөн

Бүгүн, 11-октябрдын түнүндө Кеминдин Боо-Жетпес капчыгайында карышкырлардын үйүрү бир жаштагы аюуга кол салып, талап, өлтүрүп, бир бөлүгүн жеп кетишкен. Бул тууралу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Карышкырларга таланып өлгөн аюуну бүгүн болжол менен таңкы саат 09.00.дө жергиликтүү чабан таап, Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине кабар берген.

Аталган агенттиктин кызматкерлери ветеринардык кызматтын өкүлдөрү менен бирдикте окуя болгон жерге барып, тийиштүү актыларды түзүшкөн.

Азыркы учурда аюунун талангандан калган денеси текшерүү үчүн ветеринардык кызматка өткөрүлүп берилди.

Ветериналардын корутундусунан кийин аюунун териси, баш сөөгү жана дене сөөктөрү Кыргызстандын илимий уюмдарына экспонат катары өткөрүлүп берилет.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *