Видео – Ырчы Арсен сүйлөшкөн кызынын колун сурап, чөгөлөп туруп, шакек салды, жакында үйлөнүшөт экен

Кыргыз эстрадасынын “жылдыздарынын” бири Арсен өзүнүн кезектеги “Love Story”  клибин тартып жаткан учурда сүйлөшүп жүргөн кызы Бегайымдын колун сурап, чөгөлөп туруп, шакек салды. Бул тууралу видеотасманы ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасында бөлүштү.

Айта кетсек, Арсендин болочок жубайы Бегайым Бишкектин сулуулук салондорунун биринде иштейт.

Үлпөт тоюнун датасы жана өткөрүлө турган жери тууралуу азырынча маалымат берилген жок.

 

https://www.instagram.com/p/BimoOWqHEQh/?taken-by=begaim______

https://www.instagram.com/p/Bihl_ZZDLGp/?taken-by=begaim______

 

https://instagram.com/p/Bk2uDUsBCOb/?utm_source=ig_embed

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *