Виртуалдык жашоого байланышкан адистиктер модага айланат

Кыргызстандын эмгек рыногуна аядыңкы жылдары кайсы адистерге суроо талап өсөт? Бул суроонун айланасында талкуу жүрүп, Бишкек шаарында жыйын болуп өттү. Ансыз да жумушсуздук күч алып турганда, канча бир пайыз жумуш орундарын роботтор ээлей турганы боюнча жоромол бар. Бүгүнкү күнү Американын тейлөө тармагын роботтор аткарып калган. Улуу Британияда 55 миң 800 робот жумушка алынган.

Дүйнөдө кесип, жаңылануу өнүгүп, ошого жараша билим берүү да талапка жооп берерлик. Алдыңкы жылдары суроо-талап жогору боло турган кесиптердин тизмесин дүйнөлүк окумуштуулар дагы жарыялап келишет. Ал изилдөөлөрдө 2025-жылдан ары бүтүрүүчүлөр арасында космос жана виртуалдык жашоого байланышкан адистиктер модага айланат. Алар виртуалдык жашоонун дизайнерлери. Бул кесиптин ээлери онлайн чогулуштар, жолугушууларды уюштурат. Ошондой эле робототехника боюнча адвокаттар жарандар менен роботтордун ортосундагы алаканы жакшыртуу үчүн иштешет. Ошону менен адам баласы аң-сезимге байланыштуу иштер менен алек болуп, күнүмдүк иштер роботтордун колуна өтөрү күтүлөт. Жогорку окуу жайларды ийгиликтүү аяктаган жарандардын дээрлик 65 пайызы өз кесибин өзгөртүүгө мажбур болушат.

А биздечи, кесиптик жаңылануу кандай абалда?

Кыргызстанга келсек, алдыңкы жылдарга эмес, бүгүнкү күн менен гана жашоо уланып жатканы айтылат. Жаштарды өнүктүрүү боюнча институттун программалык менеджери Ажара Касмалиева «биздин эмгек рыногубуз жаңы чакырыктарга даяр эмес. Азыркы учурда жаштарыбыз келечектеги эмес, азыркы талаптарга жооп бербей жатат. Жумушка орношуу үчүн заманбап көндүмдөрдү толук өздөштүрүшкөн жок. Анткени Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар студенттерге заман талабына ылайык кесиптерди үйрөтүшпөйт. Ошондуктан, ЖОЖдор бүгүнкү күнү эмгек рыногу талап кылган адистерди чыгарып бере алышпайт» дейт.

Бүгүнкү күнү эмгек рыногунда талап жогору болгон адистиктер маалыматтык технология жаатында болот. Тагыраагы, компьютердик программа жазган адистер өтө керектүү. Мындай талаптар тууралуу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө маалымат берилбейт. Эскерте кетсек, Кыргызстанда жылына мектепти 62 миңден ашык бүтүрүүчү аяктайт. Бирок кесип тандоодогу жаңылыштыктан дипломдордун багы ачылбай, башка кесипти, же бизнес, соода жаатын тандап кеткен учурлар көп. Бирок, өз кесибин сүйгөн деңгээли жогору адистер эч качан жерде калбайт. Ал адамдарды алыстан издеп келишет.

Гүлжан Төрөбаева

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *