Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Ден-соолуктун алдын алууга өзгөчө көңүл буруу зарыл

Ден-соолуктун алдын алуу жана мамлекеттик кызматтардын сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Саламаттыкты сактоо чөйрөсүнө бөлүнүп жаткан акча каражаты эффективдүү жана максаттуу колдонулушу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, саламаттыкты сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздоо боюнча  байкоо кеңешинин кезектеги отурумунда билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Отурумда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фондун 2017-2020-жылдарда өнүктүрүү стратегиясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун “Call-центр” долбоорун ишке ашыруу боюнча даярдыктардын жүрүшү талкууланды.

Саламаттыкты сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздоо боюнча  байкоо кеңешинин отурумуна министрликтердин, ведомстволордун жана жарандык секторлордун кызыкдар болгон өкүлдөрү, ошондой  эле  бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери  катышып, жумуштун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо системасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар сунуш, кеңештерди айтышты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча байкоочу кеңеш тарабынан 2017-жылдын IV чейрегине карата каржылоону киши башына көбөйтүү жолуу менен алгачкы медико-санитардык жардамга кошумча каржылоо, ошондой эле саламаттыкты сактоо системасындагы 4 мекемеге медициналык жабдыктарды алууга каражат бөлүү жөнүндө чечими кабыл алынды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *