Вице-премьер Сагымбай Орозбаковдун фамилиясын билбей…

Өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген вице-премьер министр Чолпон Султанбекова деңгээли анчейин эмес экенин, өз ишин жөндөп аткара албасын убакыт өткөн сайын өзү кашкайта далилдеп жатат. Мына Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган илимий практикалык конференцияга барып, залкар манасчынын фамилиясын билбей, окутуучу мугалим, студенттерге «шерменде» болду. Оң, сол тарабында бакыйып жазылып турган Сагымбай Орозбаковдун фамилиясына көңүл бурганга да чамасы жетпептир.

Улам-улам Орозбеков деп он жолу кайталаганын, ЖОЖдун студенттери оңдоп Орозбаков деп айтып жатышканын мугалимдер өкүнүү менен кеп кылышты. Ал түгүл виценин кейпи бул болсо жыргаптырбыз деп баш чайкаганга аргасыз болушту. Буга дейре Чолпон айымдын кылыгын жакшы билгендер Султанбекованын көзүнө акча эле көрүнөт, башка максаты жок дегенди айтышкан. Чын эле окшойт. Ушундай деңгээли мамлекетик жогорку кызматка жооп бербеген, Кудайдан жөө качкандар качанкыга дейре эркелей берет… Колунан келбеген ишке тырмышпай, үйүндө камырын жууруп тынч отурса болмок…

Булак: “Фабула”

3 comments

  • Райымбек Усупжанов "Жаңылыктар КМ" гезити says:

    Бул бизге кесиптик тепкич менен эмес,партиялык система менен келген кадрлардын жемиши. Ага таң калууга болбойт.Себеби, Чолпон айым биринчи эмес. Ага чейин да Камилова деген айым Г.Момушеванын юбилейлик тоюнда сөз сүйлөп жатып “Сиздин 18 жаш деген ырыңызды угуп тарбияланганбыз”-деп “балп” эткизип залда олтургандарды бир күлгүзгөнү бар.

  • Абдыкерим says:

    Озун деле ашып тушпоптурсун комментарий жазуучу, Камилова дегенин КамилаТалиева окшойт менимче.

  • Бектур says:

    ))) Камиловаа )))

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *