Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова кызматтан кетти

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 6-декабрда өтүп жаткан парламент жыйынында өз каалоосу менен вице-спикерлик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын жарыя кылды. Жогорку Кеӊеш анын өтүнүчүн канааттандырды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Алтынай Өмүрбекова буга чейин өз иш-милдетин чоӊ жоопкерчилик менен жогорку деӊгээлде аткарып келгенин белгилеген Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы депутаттык ишинде ийгиликтерди каалады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *