Волкер: Донбасстагы жаңжалды «тоңдуруу» — Орусияны изоляцияга кептейт

АКШ Мамлекеттик департаментинин Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер Донбасстагы жаңжал курчуп жатат деп эсептейт. Ал Кремлдин абалды «тоңдуруп», санкциялардын коштоосунда жашоо чечимин жаңылыш деп баалады. Бул тууралуу Волкер The Financial Times британ басылмасына берген маегинде билдирди.

Америкалык дипломаттын пикиринде, Украина чыгышындагы чечилбеген жаңжал Орусия менен АКШ мамилесинин жакшыруусуна мүмкүндүк бербейт. Ал Вашингтон Киевге учуучу курал-жарактарды берүү маселесин караштырып жатканын белгиледи.

Волкер кайрадан Орусияны Минск келишимдерин аткарууга чакырды.

Окуу жылынын башталышына карата 25-августтан тарта Донбасста ок атууну токтотуу келишими макулдашылган. Бул маалымат белгилүү болгондон бир нече сааттан кийин эле Киев менен орусиячыл жикчилдер ок чыгарбоо режими бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

БУУнун маалыматы боюнча Украинанын чыгышындагы согуш башталган үч жылдын ичинде 10 миңге жакын киши мерт болуп, дээрлик 24 миң киши жаракаттарды алган. Батыш менен Украина Орусияны Донбасстагы жикчилдерди колдойт деп айыпташууда. Өз кезегинде Кремль Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышууларга кийлигишкени тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *