“Ыпылас” китеп сөрөйдүн автору Арып-Бек Мелистен ачык жооп…

Урматтуу аттуу-баштуу, акылыңар ашып, билимиңер ташып, оргуштаган “Беш каман” эмес, Беш акылман! Силердин акылмандык парасат деңгээлиңердин бийиктигине бир аз көңүл бөлсөм капа этпеңиздер. Анткени силер бир ооздон чымынды төөгө айлантып, жабыла жалган ушак-айыңдарды көбүртө-жабыртып: “Мелис Арып-Бек жайсаңчылардын кол жоолугу…” деп мага жана маркум Унаиске, атаңардын аласасы бардан бешбетер асылдыңар. Туурабы? Ошондуктан, силерде канчалык деңгээлде улуулуктун уңгусу, уйат-сыйыттын угуту, ариет-абийирдин уругу, акыл-парасаттын үлгүсү, ар-намыстын үзүрү, адил-акыйкаттын үзүмү, же анткор-арамзалыктын үгүтү бар болду экен деп турам, Беш акылман? Биринчиден…
Мен Анатай Өмүркановдон башкаңарды тааныбайт экем, акылсынган акылооз-илимпоздор. Анатай акын былтыр жайында жазуучулардын “Арашан” аттуу эс алуу жайында менин сыйымды көрүп, төрдө отурду эле. Анын чыгармачылык чыйырын сыйлаган окурманмын. Ал жерден ал мага акаарат сөз узатпады эле. Жумабек Токтогазиев деген жазмакер, атка жеңил тайга чак, эдиреңдеп элпек жан экен, шыпылдап чай-пай сунуп жүргөн биздерге.
Ал эми калганыңар менен кездешип, көрүшпөптүрмүн, акылман аалымдар. Андыктан, силерди жылкы теппей, жылаан чакпай, же болбосо заары башына чыккан бука сүзбөй, мени “жайсаңчылардын кол жоолугуна” айлантып, көкөлөтө булгалапсыңар, жолуңар болгурлар. Же андай эмеспи, Беш акылман? Эмесе… Өзүңөрдөн тактайын, Кыргызстанда жайсаңчылар коому, уйуму, кыймылы, диниий же илимий агымы барбы? Же, доцент Аскар Медетов: “Кайсы бир жайсаңчылар сектасы”деп жазгандай, секта, сектант деген сөздүн маани-маңызын билет бекен деги Аскар мырза өзү? Качантан бери бизде жайсаңчы сектанттар “Манас” дастанынын тегерегинде тамыр жайды экен? Качантан бери “Манастын” улук ууз арбайы кайсы бир динге, жинге аралашып, сектант болуп калды экен? Биз айтабыз Кыргыз деп, кабыл алабыз Манас деп! Же жалганбы, кара кылды как жарган калайык калк? Байыртадан бери кыргыздын бир кана дини, дити, дили, дини болуп келген Көк Теңирэмеспи! Же андай эмеспи? Эмнеге эле силер Манасты исламга зордуктап киргизип, Мухаммеддин алдына чөгөлөткүңөр келет? Же болбосо жалганбы? Жок, жалган десеңер, анда…
Анда, жакында кыргыз улуттук филармониясыда “Манас” эпосунун бүгүнкү абалы тууралуу…” силер жетектеген жыйында, алдын ала дайардалган күн тартиби бойунча: “Мындан ары “Манас” эпосун бурмалоого жол бербеш керек. Эл ичиндеги айанчыларга, кайып дүйнөсүнөн илим алгандарга, арбак колдойт дегендерге жол берилбеш керек. Алар акыл-эстеринен айныган, оорулулар катары таанылсын…” деген корутундун анабашчылары кимдер экен? Исламчылардын кара жоолугун булгалаган мусулман эмес, бурулуп, бузулгандар?
Кайсы манасчыны көрдүңөр эле, дастанды китептен жаттап айтканын? Эки жашынан баштап Болотбек уулу Үмөт, тамга тааныбай туруп, куду Сайакбайдын өзүндөй, эпос эмес, дастанды төккөн наристе манасчы, бүгүн не деген залкар манасчыга айланган учуру эмеспи! Жараткан Теңирим өмүрүн берсин баланын! Баардык манасчылар, айан аркалуу улуу байанды алып айтып келишерин кайсыл бетиңер менен жээрип, танып, “Манаска” жана манасчыларга каразгөй мамиле жасап жатасыңар? Аруулу Арбай-Арбак ар убакта болгон, бар жана болот, Беш акылман илимооздор. Дене гана көмүлүп, топуракка айланат. Жандүйнө нур болуп бөлүнүп, түбөлүккө кайрылат. Ошондуктан, Теңируул Манастан таралган кыргыздын Тили, Дили, Дити, Дини Теңирден. Андыктан, Мен Кыргызмын, ай-ааламды кыдырган, мейкиндиктин түпкүрүнөн кайрылган. Мен Кыргызмын, Теңир тилде сүйлөгөн, адамзатын аруулакка үндөгөн. Мен Кыргызмын, Асман жарган чагылган, мейкиндиктин түпкүрүнөн жар салган. Мен Кыргызмын, айан алган акылман, Манас дастан ай-ааламдан агылган… Мен Кыргызмын, мезгилдердин катмарынан кайып болуп кайрылган…
Кат тааныбаган, силерге окшоп Мольер, Расин, Шекспирдин окубаган акылман олуйа ата-бабаларыбыз – Кетбука, Санчы Сынчы, Кара Буура, Баласагын, Макмуд Кашкари, Арстанбек, Калыгул, Куйручук олуйа аалымдар, ай-аалам менен арууланып арбашып, жылдыздар менен сырдашып, илим-билимдин башында, башатында турушкан. Алп төкмө Жеңижок, Токтогул, Коргоол, Калык, Алыкул, Осмонкул жана биз билбеген миңдеген акындардын түбөлүктүн түпкүрүндөгү Уңгубашаттан азыктанган асыл алптардын айткандарына, жазгандарына силер суктанып, тизе бүгүп, пир тутукан – Бальзак, Гете, Толстой, Твен, Гоголь, Маркес, Байрон, Ахматовалар биригишип, каны Кыргыз, жаны, намысы Манас, улук Баласагындын Куттуу Билимине, илимине тең келе алышабы, Беш арсыз, алсыз азгырылма-айдама илимпоз-илимооздор?
Анткени силер өйдөкү жат жазмакерлердин аттарын атап койсоңор эле өзүңөрдү чыныгы акылман деп ойлосуңарбы? Ошол силер сыйынган акын-жазуучуларды “оптом” күркүрөтүп акыл-эс таразасына салып көргүлөчү? Баардыгы биригип, кыргыздын көп кырдуу, көп сырдуу олуйалыгына, улуттук уузбашатын, уйуткулуу уңубашатын билген КЫРГЫЗГА алар татыйт бекен? Ооба, алар дагы дүйнөлүк адабийат, маданийатка зор салымдарын кошушкан. А бир ак, эмнеге силер жат кордуктан, өз кордук болуп жатасыңар, акылсынып, тыңсынып. Андай болсо…
Андай болсо, силер баардыгыңар биригип, мени окуткан, мен жолуккан анык окумуштууларга – Лев Гумилев, Михаил Панченко, Дмитрий Лихачев, Семен Липкин, Юрий Заднепровский, Владимир Пиотровский, Сергей Кляшторныйларга окшогондор менен мага окшоп даамдаш-туздаш, ынакташ болгон эмессиңер, Беш арсыз акылман. Ленинграддагы менин төрт бөлмөлүү үйүмдөгү полдон потолокко чейин үч катардан жыйылган, өңчөй “Старая книга” китеп дүкөндөрүнөн сатып алып чогулткан, демек өтө сейрээк элүмиңден ашуун китептерди окумак турсун, атын-затын дагы билбейсиңер да. Ал китептер Пушкин, Лермонтов, Достоевский, Некрасов, Белинский, Чернышевский миңдеген алп классиктердин көздөрү тирүү кезиндеги, не бир керемет кагаздарга басылган миңдеген сейрээк китептер…. Атүгүл айрымдарында алардын колтамгалары дагы бар… Мен силерге окшоп сүрөтүңөр менен наамыңарды, даражаңарды даңазалап бакырайтып жазбадым да. Анткени силерге окшогон билермандарды Василий Шукшин учурунда: “Ныне кандидатов наук так много развелось, ими хоть пруд пруди…” дегенин уксаңар керек. Андыктан, силерге окшогон илимпоз-илимооздөрду, азыркы арсыз, амалкөй-анткор, арамдыгы ашынган ачкөз заманда, өзгөчө билимди эмес, “Зачетная книжкага” колуңарды каратып туруп саткан учурда, силердей сабатсыз жана сапатсыз илимпоз-илимооздорду оозго алып, убакытты сарптаганда не пайда? Же андай эмеспи? Ар бир шордуу студенттер жылына кырк миң сомду силердин айлыгыңарга төлөгөндөрү аз келгенсип, зачет, экзаменде колуңарга накталай акча берип, окуп жаткандыкты кайсы бетиңер менен жок деп карганып аласыңар. Атайын силердин үстүңөрдөн журналисттик иликтөөнү баштадым. Далили менен силердин жосунсуз жоруктарыңарды китепче кылып чыгарып, таратам. Жана интернетке жарыйа кылам. Ал эми…
Ал эми, менин намысыма тийип, мага кандай гана жарлыктарды жабыштырып, жабалактап жазыпсыңар. Мейли мени далилсиз каралаганыңар аз келгенсип, адамзаттын алааматтык азабын алдын алып, “Арзан таза суу” долбоорунун үстүндө иштеп жүрүп, силер сыйынган акыл-шайтандын колдорунан каза тапкан Унаис Усупбаевды, КУУнун доценти Аскар Медетов:“М.Арып-Бектин бул китепти атайын буюртма менен жазылганы көрүнүп турат. Текстте бир логикалык ырааттуулук жок, сүйлөм түзүлүштөрү чалды-куйду. Арып-Бек бир туруп кыжынат, бир туруп ызырынат, айтор, автор турмушуна тагдырына нааразы. Анын идеалы: ата жотосун билбеген, англис паспортун алып, өз Ала-Тоосун жерип, элдин каада-салтын тебелеп-тепсеген, азармандан-безерман болуп, башка динге өтүп алган, ааламдашуунун курмандыгы болгон бир бечара бала…” Эмесе…
Эмесе, ушул өзүн чыныгы акылман, даанышман, Мухаммед пайгамбарынын колтугуна кирип алган мусулман, илимпоз эмес, оозуна алы жетпеген илимооз доценттин адамдык да, илимпоздук да деңгээлин көрүп турасыңар, ой калчап, логика эмес ойжоромол, ойтермелткен ойтеремелдүү окурман. Эки сүйлөмдүн ичинде канчалаган арабөк жат сөздөр. Демек кыргыз тилин билбейт, же болбосо сүйбөйт. Андыктан, Кыргыз деп Чыңгызга окшоп эч күйбөйт. Баса… Кыргыздын улук акыны Байдылда Сарногоев:“Чылк орусча сүйлөгөн, чындап келсе кыргызга, чыпалагы күйбөгөн, Чыңгыз да өтөт дүйнөдөн…” дегени учкул сөзгө айланган. Анда, Айтматов асмандап, эл-жери менен иши жок, төө куш өңдөнүп, башын Батышта катып жүргөн.
Аскар Медетов мырза мага асылып, сот болуптур. Мейли анын акыл-парасат деңгээли ошондой болсо, ага теңелип таарынуу болбостур. Ал эми мага карата сын-пикир жазгандын алдында “Бул китепти толугу менен окуп чыктым…” дейт. Агерде окуп чыкканы чын болсо, анда Унаистин кандай илим-билимге сугарылган, кандидаттыгын өңчөй бешке тапшырган, даража-дарамети өтө бийик экономист экенин билет эле да. Лондондо эң бир барктуу банктарда алдыңкы адис катары ишке алынып, болочогунда эбегейсиз байлыктын башатында турганына карабай, Америкага атайылап “Арзан таза суу” долбоорун негиздеп, дүйнө кезип, акыл-ойу алоолоп күйүп турган жигиттин өтө кейиштүү өлүмүн табалап турганын карагылачы, Медетовдун? Деги Аскарда абийир-ариети деген сапаттын бүдүрү барбы? Унаис нечендеген эл аралык тилдерди билген, илим-билим казып окуган Библия, Куран, Талмут, Забур аттуу диний китептерди иликтеп жаттаган Атуулду: “Өз Ала-Тоосун жерип, элдин каада-салтын тебелеп-тепсеген, азармандан-безерман болуп, башка динге өтүп алган…” сыйактуу сөздөрдү эч далилсиз сүйлөгөн Медетовдун жосунсуз жоругу, деги доценттин абройубу? Же КУУнун мугалимдеринин адамдык парасат деңгээли ушундайбы? Эркек баштары менен ушак-айыңдын кулуна айланышып, аң-сезим, акыл-эстери ууланып, булганып калганбы? Антпесе…
Антпесе, бирөөнүн жападан-жалгыз эркек туйагын, адамзат үчүн өмүрүн арнап, арам жөөттөрдүн колунан каза болгон жигитти ушунчалык маскаралап, тебелеп-тепсегидей кандай акысы бар? Дал ушул Унаисти жайлаган канадалык үч жөөт, Чыңгыз Айтматов мактап-жактап алып келген Борис Иосифович Бирштейиндин куйруктары. Учурунда Бирштейин өзү башында туруп, Насирдин Исановду Волгада бирге баратышып, алдын ала дайардалып турган Зил-130 полуприцеп унаага капталдан сүздүрүп, жайлашып, ал жерден Ташкент аркылуу качып кутулушкан. Айтматовдун улуу баласы Санжарбек “Кыргызстан-Сиабеко-А”, “А”сы Айтматов групп, менчик фонддун башкы мүдүрү болуп, “Макмалзолото” алтын зоотунан иштелип чыккан эки тоннага жакын таза алтынды Щвейцарияга алып чыгарган. Андыктан, урматтуу окурман “Кумтөр-Сиабеко-Кыргызстан” компаниясынын башкы акционерлери ким экендиги айтпасак да белгилүү эмеспи, акыл калчаган окурман! Анан ушул шүмшүктөрдөн өч аламын деп, жөөттөрдүн уйугун изилдеп, аныктап билген Унаис курмандыкка чалынып жатпайбы, жаш чагында жайланып. Анан кайдагы бир доцент Аскар Медетов адамзат үчүн курман болгон жигитке ажаан, тажаал катындан бешбетер асылып жатпайбы, чак түштө иштин чоо-жайын билбей атырылып, актанып, кыйынсынып мактанып…
Дагы бир КУУнун адабийат кафедра башчысы Абакиров Курманбек чу дегенде эле: “М.Арып-Бектин бул ыпылас китеп сөрөйүн жайсаңчылардын кыргыз элине көзкамандык иштеринин эле уландысы…” деп, өзү сот болуп чечкиндүү чечим чыгарыптыр, окурман. Аны менен тим болбостон: “Исламбектин айанычтуу тагдырынын Ч.Айтматовго кенедей тиешеси болбосо, аны ага күчтөп жабыштырып, Арып-Бек алдында эң оор жана кечиримсиз моралдык кылмышка батынган…” дейт акылсынган кафедра башчысы ага “кылмышкер” деген жарлыкты тагып. Биринчиден, көкүрөктө биртике кыргыз деген сапаттын, ар-намыстын мүдүрү болуш керек да, урматтуу Курманбек мырза! Ал үчүн кыргызча ойлонуп, кыргызча сүйлөш керек да. Мораль деген түшүнүк, ыйман, абийир-ариет, адеп-акылас… А сиз, урматтуу илимпоз-илимооз өз түркөйлүгүңдү сезбей туруп, мага карата: “…өзүнүн “билимдүүлүгүн” көрсөткүсү келген бул эргул, көркөм адабиятка келгенде нукура түркөйлүктүн үлгүсүн көрсөткөн…” деп, андан нары “билимдүүлүгүңүздү” аныкташ үчүн көптөгөн четэлдик жазуучуларды тизмектейт. Эмесе…
Мактануу максатында эмес, өзүмдүн “түркөйлүгүм” жөнүндө биртике маалымат берип кетейин. Четин кана келтирейин – РФ РАН Географиялык коомунун анык мүчөсү, “Дом союза ученых” коомунун атайын мүчөсү, Санкт-Петербургдагы алты миллиондон ашуун элдин арасынан атайын бийик деңгээлдеги сынактардан өтүп, болгону алты жүз гана эң илимдүү-билимдүү, көрүнүктүү инсандар тандалып, алгачкы справочникте силер каалагандай каралап, тепселеген Мелис Арып-Бектин дагы ысымы бар. Ишенбесеңер, менин өмүр байаныма кызыгып, изилдеген, жубарымбек эмес, Жумабек Токтогазиев деген алп жазуучуңар, ушак-айыңдарга тайанбай, Россиянын экинчи борбору, Северная Венеция аталган шаарына барып, тактап келсин… Эмесе, сөз уңгусуна кайрадан кайрыйлы.
Абакиров окумуштуу мырза! “Исламбектин айанычтуу тагдырынын Ч.Айтматовго кенедей тиешеси болбосо, аны ага кучтөп жабыштырып…” дейсиңер ушунчалык ишенимдүү. Агерде, Абакиров Мелиске окшоп “китепти карабай”, жок дегенде, барактап койсо, анда өйдөдөгү өтө одоно, оркойгон орой ойлорду, сөздөрдү мага “ыроолоп” арнабайт элеңиз, Курманбек мырза. Анткени Айтматов менен Усупбаев Унаистин ортосунда кандай байланыштар бар дейсиз? Аны адабийатчы катары, менден дагы жакшы билүңүз керек. Айтматов “Жамилясын” жазганда, Унаистин чоң апасы Асия Дубанаеванын согуш учурундагы өмүр жолунан алып жазган. Ал жагдайды атайылап көрмөксөнгө, билмексенге салып, мени “түркөй” дейсиз.
Экинчиден, Унаис эл аралык жөөт Борис Бирштейиндин куйруктары аркылуу атайын жумшалган үч жөөттүн колунан мыкаачылык менен бычакталып курман болуп жатпайбы. Анткени Унаис Кумтөрдүн алтыны ташылып, жер-суусу ууланып, мөңгүлөр эрип жок болгону үчүн канадалык жөөттөрдөн өч алмак. Тилекке каршы ага жеткиришпеди. Ушундай чырмашкан эл аралык митаам-куулуктардын чет-чеберин билбей туруп, анан улук атуул Унаиске эч себепсиз асылганыңар кандай?
Мелис Арып-Бек

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *