Ысык-Көлдө 27 жаштагы эркек аялын сабап жаткан таягы менен 4 айлык кызын башка чаап өлтүргөн

28-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу 1 айылынын четиндеги кошарда мал баккан 27 жаштагы жигит үйүнүн короосунда аялын таяк менен башка-көзгө койгулап жатып, аялынын колундагы 4 айлык кызын да таяк менен башка уруп алган. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициясына шилтеме берип, Турмуш сайты билдирди.

Жаны ачыган аялы үйүнө качып кирип, бычак алып күйөөсүнүн сол колунун булчуңуна сайып жиберген.  Анан “тез жардам” чакырып, врачтар үчөөсүң тең Тоң райондук ооруканага жаткырышкан. Бирок 4 айлык кыз башына алган соккудан эртеси чарчап калган.

Үй ээсине каршы кылмыш иши козголуп,  азыр Караколдо камакка алынды. Ал өзү Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынан болот, ал эми 26 жаштагы жубайы Баткен облусунан. Тоң районуна алар жумуш издеп келип, мал багып жүрүшкөн. Ортосунда дагы бир улуу эркек баласы бар, бирок ал туугандарынын колунда өсөт.  Бул окуядан кийин аялы төркүнүнө – Баткенге кетип калган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *