Ысык-Көлдө абал жакшы эмес

Ысык-Көл областында жергиликтүү бийлик эл менен иштеше албай жатат. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» дегендей, жергиликтүү бийликтин шалаакылыгын жашырсак эртең элге кыйын болуп калат. Облус жетекчиси Узар Жылкыбаев жергиликтүү тургундарга кепилдик болуп бере албай жатат. «Черныйлар» башкарып калды. Кафе-ресторандар өрттөлүп, жеке ишкерлер барымтага алына баштады. Ал эми Жылкыбаев өзү Бостери айылынын кулуну. Бирок ал «караларга-» каршы бир ооз сөз айта албайт. Анткени анын эл арасында гана эмес «каралар» арасында да кадыр-баркы жок. Ысык-Көл районунда аким эч нерсени чече албайт. Жайкы туристтик сезон. Көчмөндөр оюндарын азыркы таптагы жергиликтүү бийлик өткөрө албайт. Абал кооптуу болуп турат. Президент Сооронбай Жээнбеков аталган аймакка тез арада көңүл бөлүп, тиешелүү иштерди жүргүзүшү керек болуп турат. Жетекчилерди алмаштыруу маселесине да көңүл бөлүш керек.

Булак: “Ачык Саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *