Ысык-Көлдө үйдү тоногону кирген каракчылар акча талап кылып, ээсин үтүк менен кыйнашкан

Жаңы жыл алдында, 24-декабрда таңы саат 05.00. чамасында Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын тургуну, 1993-жылы туулган С.Э.нин үйүнө 3 белгисиз адам кара беткаптар менен кирип келишип, күч колдонуу менен анын колу-бутун байлап салышып, акча талап кылып, ысыган үтүктү бутуна басып кыйнашкан.

Акырында 4000 сомун, кол телефонун жана алтын буюмдарын алып, качып кетишкен.

Бул окуя боюнча Ысык-Көл райондук милициясы КР Кылмыш-жаза кодексинин”Каракчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөөгө алган. Натыйжада бул кылмышка шектелип, 5 жаран кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

1 ой-пикир

  • Тенизбай says:

    Бул Кыргызстан эмне деген мамлекет, мыйзамдагы уурулар баардык аткаминер эшектерди…. чыгышканбы,ушунчалык да окумзордук болобу, кундо эле талап тоноолор, зордуктоолор, байкуш эл кандай гана кыйынчылыктарга чыдап жатат,жанагы Атамбайдан коро Камчы кучтуу,каэрде болбосун… кыскасын айтканда МВДны СОТту жоюуш керек окшойт, элди озун билгендей кыла бер деп.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *