Закир Шарапов, депутат: Чек ара маселесин эл менен кеңешип чечкен оң

– Закир мырза, чек ара боюнча элдин кайрылуулары тууралуу көп маселе көтөрүп жүрөсүз. Көйгөйдүн өзөгү эмнеде?

– Чек ара маселеси көптөн бери, биз эгемендик алгандан бери козголуп келатат. Кытай, Казакстан менен делимитация, демаркация иштери бүткөн. Азыр Өзбекстан менен 85, Тажикстан менен 65 пайыз делимитация иштери бүткөн менен баары бир биздин аймактагы анклавдардын тегерегинде бир топ көйгөйлөр бар. Ошол эле Шахимарданга жакын жайгашкан айылдарга кирип-чыгуу маселеси, жайыт убагында мал айдагандагы тоскоолдуктар… Ушулар боюнча биздин жарандар кайрылуу жасап, чек ара боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров кандайдыр бир деңгээлде ишти тездетип, жок дегенде өзүбүздүн анклавдын тегерегиндеги чечилбеген маселелерди тезирээк карап, чек араларды тактоону тездетүүгө көмөктөшсө дешет. Бирок, биздин жергиликтүү бийликтер ушу күндөрү эмнегедир маселени тез чечүүдөн тайсалдап, жер-жерлерде ошо кайрылган кишилер менен өз-өзүнчө талкуу жүргүзүп, аларды «биздин кайрылуубузду кароосуз калтырсаңар» дегенге чейин алып барышууда. Алардын мындай мамилеси мага таңкалычтуу болуп атат. Чек ара маселесин тез аранын ичинде чечип, аныктап, биздин жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүп беришсе, кошуналар менен жашообуз да тынч болот эле.

– Тескерисинче, чек аралардын батыраак аныкталышына алар да кызыкдар болуш керек эле да?

– Ооба. Эмне үчүн антип атышкандарынын себебин мен билбейм. «Эмне үчүн депутаттарга кайрыласыңар, эмне үчүн парламентке кайрыласыңар?» деген түшүнүксүз иштер жүрүп атыптыр. Ошол маселени өздөрү чечишсе жакшы болмок. Бирок, бул алардын ыйгарым укугуна кирбейт. Биздин суранычыбыз: атайын чек ара маселеси боюнча эки тараптуу, паритеттүү комиссия бар, Тажикстан менен да, Өзбекстан менен да. Биргелешип, ошол ишти тездетишсе жакшы болот эле. Азыр Кудайга шүгүр, кошуналар менен мамилебиз бир топ жакшы деңгээлге жетип калды. Бул жакшы мамиле менен сүйлөшүү аркылуу эле бүтө турган иштер да. Ал жерде талашып, чыр чыгара турган эч кандай негиз жок.

– Бирок, анклавдарга байланышкан маселелердин чечилиши бир топ эле кыйын болсо керек?

– Сүйлөшүү жолу менен чечсе болот. Чечилбеген маселе жок. Кээ бир жерде биз мүмкүнчүлүк беришибиз керек, кээ бир жерде алар бериши керек. Эл менен сүйлөшүп, кеңешип чечкен оң. Жен эле сырттан тон бычып чек араны аныктап койсо, бул элдин нааразылыгын пайда кылат. Эл менен дагы, жергиликтүү бийлик менен дагы биргеликте иш алпарып, кеңешип чечүү зарыл. Ошондо гана эки тарап тең ыраазы болот, өздөрүнүн макулдугун берет.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *