Залкарларга эмнеге тиш салышат?

Кыргыз адабиятынын башатында турган  акын,жазуучуларга демократиянын терисин айкарасынан жамынып алгандар көзкөрүнө асыла баштаганы эч кимди кокуйлатпагандай түр калтырууда.  Бир жарым кылымдык мааракеси бүткүл элдин колдоосу менен өткөрүлгөн  залкар акын Токтогул Сатылгановдун ырларын жиликтөөгө, саптарынан кынтык издөөгө чамынган “маданиятчылар” деги кимдер?  Артында шакирттери деле калбаптыр деп акындын жанында жүргөндөй сандырак сөзүн жаадырат,чиркин! Ушул сынчы сөөрөйлөр Токтогулчалык  калк ичинде орду барбы? Балээниби. Бирок өздөрүн бүгүнкү күндүн дулдулу кылып көрсөткөнү неге байланган? Болгону мен деле оңбогондой адабиятчымын деген жоругу десек туура келет? Атың чыкпаса жер өрттө деген накыл кеп ушуларга бап келгендей. Эми анын учуру келгенде баяныбызды кеңири улантарбыз. Ошондуктан чор калемин койкоңдоткондор бираз сабыр этип күтө тургула, майлиби?

Дагы бир кыргыздын эле эмес дүйнөлүк адабияттын оозун жырган даңазалуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун этегине эрмешкен бир “кыраан” киши бар Мелис Арып-Бек деген. Негедир залкар жазуучунун 90 жылдык мааракесинин  өтөрүнө куйкасы курушкансып эле өзүн көтөрө чалып ак ура баштады. Чыңгыз деле пенде да, аны сындаса болбойт бекен дегенсип окураңдайт, бул эргул. Жалгыз эле биз эмес бүткүл өлкөнүн чыгармачыл жамааттары Айтматовдун торколуу тойуна камылга көрүп жатканда Арып-Бек неге мынча  тырчыйат?  Же таянар башка тарапта тоосу барбы?  Минте берсе эртең бүткүл акын,жазуучуларды түккө турбагандар деп сындырып жиберүүгө аттанбайбы? Себеби, көптөн бери калк сыймыгына айланган Чыңгызга тиш салып жатканына караганда “чоң долбоору” катылып жаткан шекилди.  Деги бизде демократиядан башка улуттук дөөлөттөрдү, ыйык баалуулуктарды сактоочу  жөрөлгөнү колдоочулар калды беле? Же бир “дөөгө” сыймыктуу залкарларыбызды каалагандай тебелетип карап отура беребизби?  Өпкөсү төөнүкүндөй болуп үйлөнгөн “зорлорго” дагы кимдерди салып берер экенбиз? Жаман жери-Мелистин жазгандарын үтүрүн албай туруп жарыялаган “мекенчилдердин” жоругуна качанга чейин тескөөгө албайбыз? Кантсе да кыргыз өлкөсүндө караны кара, акты ак деп тааныган илимпоздор,  ишмерлер,жүрөгү таза жаштар калгандыр?

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *