Замирбек Эсенаманов, ЖКнын экс-депутаты: “Талгарбековду куугунтуктоо мурдагы бийликтин чоң катасы болгон”

Барган сайын камактагы саясый туткун Бекболот Талгарбековдун адилетсиз жагдайда камакта отурганына көпчүлүктүн кыжыры кайнаса, коомчулук көзүндөгү аттуу-баштуу инсандар анын ак жеринен абакта отурганын бир ооздон баса белгилешүүдө. А бийлик мындай багыттагы коомдук пикирлерден эмнеге тыянак чыгарышпайт? Биз бул жагына дагы да кайрылып турмакчыбыз.

– Замирбек мырза, камактагы саясый туткундарга, өзгөчө Бекболот Талгарбеков баштаган «Элдик парламенттин» өкүлдөрүн күнөөсүз жагдайда абакта кармоо бийликтин баркын кетирерин коомчулук бир ооздон баса белгилешүүдө. Сиз бул жагын кандайча чечмелейт элеңиз?

– Мен сенин сурооңо бир аз артка чегинүү менен жооп бергим келип турат. Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылы өтө оор кризисте турганыбыз унутулуп калды. Эске салсам, бюджеттин киреше бөлүгү эки миллиард советтик рубль болсо, чыгаша бөлүгү андан төрт эсе көп болчу. Ал эми жылдык инфляция миң пайыздан ашкан. Дүкөндөр бош турчу, азык-түлүктөр талон менен берилчү. Нан, ун жетишпей, дүйнө жүзүнөн гумжардам сурап калганбыз. Элибиздин 99 пайызы рынок экономикасына каршы болчу. Бекболот Талгарбеков ошол убакта өз программасын алып чыккан. Ал бир күн да айыл чарба министри болгон эмес. Болгону эки жыл министрдин милдетин аткарды. Бирок, Кыргызстандын айыл жерин мурдагы «цивилдик кулчулук» деп аталган жолдон жаңы, эркидиктин жана менчиктин жолуна сала алды. Мына ошол 1994-жылы ачылган жаңы жолдо айыл элибиз 24 жылдан бери келе жатат. Ал мезгилде эгемендиктин оор жүгүн биринчи кезекте айылдыктар, эркин дыйкандар көтөрдү. Эгер Талгарбеков айыл чарба министри болуп кеминде 5-6 жыл толук кандуу иштегенде дыйкан-фермерлер азыр алда канча жакшы эмгектенип жашашмак. Айта кетсем, Бекболот Талгарбеков 1990-жылдары академик Аман Мамытов менен бирге киргизген айыл чарба салыгы дүйнөлүк эталон болуп саналат. Андай салыкты өнүккөн АКШ, Европа өлкөлөрү да эмгиче колдоно элек. Талгарбековдун реформасын түшүнбөгөндөр арабызда али да бар. Аларга зор тажрыйбалуу юрист, убагындагы Конституциялык соттун мүчөсү, маркум Жумакадыр Тогойбаевдин аныктамасын эске салайын. Ал бир жыйында айтты эле: «Адамзат тарыхында эки улуу революция болуп өткөн. Биринчиси – он сегизинчи кылымдагы улуу француз революциясы. Ал королдун династиялык бийлигин кулатып, француз элине эркиндик берген. Бирок, теңдикти камсыздай албаган. Бай-кедейлердин ажырымы өзгөргөн эмес. Экинчиси – жыйырманчы кылымдагы Улуу Октябрь революциясы. Ал совет элине эмгектенүүгө, билим алууга, жашоого чыныгы теңдикти тартуулаган. Бирок, эркиндик берген эмес, эл мамлекеттин көрсөтмөсү, буйругу, эрки менен гана жашап, иштеген. Натыйжада эки улуу реводюция тең акыры кыйроого учурашкан. Ал эми Бекболот Талгарбеков кыргыз айыл элине жерди, малды, мүлктү теңдеп, менчикке берди. Ошону менен бирге өз алдынча чечим кабыл алууга, иштөөгө, өндүргөн продукциясына ээ болууга толук укукту камсыздады. Эки кыйраган улуу революциялардан айырмаланып, Талгарбековдун элге теңдикти жана эркиндикти чогуу берген революциясы түбөлүктүү!». Талгарбековду сындап келе жаткандар «майда дыйкан чарбалар түзүлүп калды, чакан жер тилкелерин (үлүштөрүн) иштетүүнүн натыйжасы мыкты эмес» деген жүйөө келтиришет. Бул өндүрүштүн кызыкчылыгын гана көздөгөн көз караш. Ал эми Талгарбеков биринчи планга айыл калкынын тагдырын койгон. Мисалы, бир чарбаны жүз кишиге эле менчиктеп берип, ал эми калган тогуз жүз адамды куржалак калтырса, анда кыргыз эли Акаев, Жумагулов, Талгарбековдорго каргыш айтмак. Ошол себептен, Кыргызстанда айыл реформасынын эволюциялык жолу тандалган. Өлкөбүздүн тарыхында Талгарбеков кыргыздын Столыпини катары каларына эч шек жок. Кыргыз мамлекетинин оор мезгилинде жоопкерчиликтен коркпой, эски көз караш, каршылыктарга туруштук берип, мекенге ак кызмат өтөгөн Талгарбековду жалган жалаа менен камап, ага да ыраазы болушпай, ак жеринен соттоп, мурдагы бийлик өтө орой ката кетирип алды.

Маектешкен: Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия news

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *