Жаӊы депутат Искандер Гайпкулов парламентте салтанаттуу ант берди

Жогорку Кеӊеште «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Гайпкулов Искандер Төрөбаевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал соттун чечимине байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Өмүрбек Текебаевдин ордуна келди. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Асел Кодуранова жалпы депутаттардын атынан Искандер Гайпкуловду депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Искандер Гайпкулов 1965-жылы Ош облусуна караштуу Араван районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1984-жылы Финансы-экономикалык техникумду, Казак мамлекеттик башкаруу академиясын «финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун салык кызматы тармагында баштап, кийинчерээк Салык кызматынын Ош облусу боюнча башчысы, Жогорку Кеӊештин депутаты, Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу, «РСК» банкынын Директорлор кеӊешинин төрагасы сындуу жооптуу кызматтарда иштеген.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *