Жакын арада саясый күчтөрдүн биригүүсү күтүлөт

Быйылкы күз саясый көз караш менен алганда кызыктуу окуяларга бай болору ажеп эмес. Өзгөчө жаңы кадрдык орун алмаштыруулар, саясый күчтөрдүн 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңешке шайлоого карата активдешүүлөрү, өкмөттүн жумушундагы начар көрсөткүчтөр, аны отставкага кетирүү мүмкүнчүлүгү жана башка окуялар күтүлүүдө. Биздин саясатта кандайдыр бир нерсени алдын ала айтуу кыйын, ошондуктан, өлкөбүздү өнүктүрүүдө күздө кандай окуялардын болору боюнча ой бөлүшкүм келет.

Президент ММКга чоң маек бере элек

Сооронбай Жээнбековдун бийликке келгенине жакында бир жыл болот, бирок эл күткөн, көзгө көрүнөрлүк реформалар баштала элек. Президент күч түзүмдөрүнүн жана сот реформасын тез арада башташы зарыл.

Президенттин аппараты өлкөнүн реформалар борбору болушу керек жана бул үчүн жогорку квалификациялуу адистерди тартуу керек.

Кызматтык дайындоолордо регионализм же кландык принциптерге байланбай, кесипкөйлүк жана тажрыйбага басым жасалышы шарт. Тилекке каршы, эгемендүүлүктү алгандан бери ушул оорудан айыга албай келе жатабыз.

Өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктары чагылдырылган, убакыттын талабына жооп берген жаңы тышкы саясатынын концепциясын иштеп чыгуу керек. Азыркы тышкы саясат концепциясы 2009-жылдан бери өзгөрүлбөй, заман талабына жооп бербей калды.

Программасыз, мамлекеттин келечегине көз карашы жок азыркы курамдагы өкмөттүн аткарып жаткан жумушу президенттин абийирине да шек келтирүүсүн Сооронбай Жээнбеков түшүнүшү абзел.

Өкмөттүн жаңы түзүмү кыска жана натыйжалуу болуусу шарт. Эгемендүү өлкөбүз, бирок коргоо министрлигибиз жок. Сууга бай, энергетикалык өлкөбүз, бирок энергетика министрлигибиз жок, анын ордуна коррупцияга малынган эки мамлекеттик орган бар. Коргоо жана энергетика министрликтери кайрадан түптөлүүсү керек, алардын ордун ээлеген комитеттер жоюлушу мезгил талабы.

Ушул күнгө чейин президент массалык маалымат каражаттарына чоң интервью бере элек. Алтургай КТРКдан чыгып өлкөнүн келечеги боюнча өзүнүн пландары менен бөлүшпөгөнү кандай? Бул көрүнүш коомдо көптөгөн суроолорду жаратат.

Жогорку Кеңештен күткөнүбүз ушул беле?

Жайкы тыныгуудан кийин Жогорку Кеңеш күзгү сессияга киришти. Конституция боюнча Жогорку Кеңеш кенен ыйгарым укуктарга ээ, бирок азыркы таптагы парламенттин ишмердүүлүгү канааттандырарлык эмес.

Жогорку Кеңеш өкмөттү жаңы түзүүдө жоопкерчиликтүү мамиле жасап, премьер-министр жана министрлердин талапкерлигин өздөрү сунуш кылышы керек. Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө келерки шайлоолорду эффективдүү жана таза өткөрүү максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөр кабыл алынышы кажет. Кыскасы, Жогорку Кеңеш депутаттары өз миссияларын аткарып жатышабы? Бул суроо алар үчүн кооптуу. Эл баарын талдоодо.

Оппозиция талаасы бош турат

Азыркы тапта өлкөбүздө оппозициянын жоктугу баарыбызга сыр эмес. Бул талаа узак убакыттан бери тазаланып, азыркы учурга чейин бош болуп келет.

КСДПнын азыркы лидерин оппозиция деп атоо кыйын, анткени, анын фракциясы бийликте отурат. Абдан парадоксалдуу көрүнүш.

Оппозициялык ишмердүүлүк демократиянын эң маанилүү атрибуттарынын бири. Так ушул оппозиция өкмөттүн жумушуна баа берип, көзөмөлдөшү керек. Балким, азыркы өкмөттүн начар көрсөткүчтөрү жана алсыздыгы так ушул чыныгы оппозициянын жоктугуна байланыштуу болушу мүмкүн. Азыркы учурда саясатчылар келерки парламенттик шайлоого карата сүйлөшүүлөрдү бапггашты.

Жакын арада эски жана жаңы саясый күчтөрдүн биригүүсү толук ыктымал. Алар жаңы бийлик менен соодалашпай, өлкөбүздүн келечеги үчүн кадамдарды жасайт деп үмүттөнөбүз.

Эң башкысы, кандай гана кадам жасалбасын, карапайым калктын жашоосу жакшыруусу, мамлекеттин өнүгүү жолуна түшүүсү маанилүү.

Нурсултан Акылбек, саясатчы

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *