Жакырчылык желкеден басканда…

Кыргызстанда кедей жашаган адамдардын саны көбөйгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Аталган комитет 2017-жылы жакыр адамдардын саны 1 миллион 600 минден ашканын, булардын ичинен көбү, башкача айтканда 72%ы айылда жашагандар экенин маалым кылды. Жалпы өлкө боюнча алганда жакырчылыктын деңгээли 25,6%ды түзгөн. Бул дегендик, 2016-жылга салыштырганда 0,2%га көп. Минтип өлкө экономикасы өспөй, калктын турмушу жылдан-жылга төмөндөп, жакырчылык белчеден басып жатканда, биздин жетекчилер чет өлкөгө бала-бакырасынан бери мамлекеттин эсебинен сейилдетишип, ал аз келгенсип “Пенсияңарды чогултуп, силер деле эс алгыла” – деп шылдың кылууда. Мына биздин өлкөнүн абалы. Азыркы учурдагы экономикада өсүш нөлгө барабар болуп турганда, кийинки жылы жакырчылыктын деңгээли жогорулабаса, азайбайт.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *