Жалал-Абад базарларында өрт коопсуздугу начар болууда

Мурда бир нече жолу эскертилгенине карабастан Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарларда өрткө каршы чаралар көрүлбөй жатат. Өрт кырсыгы жүз берген кезде өрт өчүрүүчү унаалар соода жайларына кире алышпайт жана өрткө каршы чараларды көрүүгө мүмкүн болбойт. Жалал-Абад шаарында базарларда, ири соода жайларында өрт коопсуздугуна каршы өткөрүлгөн окуулар жана машыгуулар жыйынтыгы ушуну көрсөттү.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, базар ээлери соодагерлердин жана кардарлардын коопсуздугун ойлобой, өз кызыкчылыктары менен гана жашаганы аныкталды. Анткени, соода жайларында өрт кырсыгы жүз берсе, аны өчүрүп, адам өмүрүн жана мүлктөрдү сактап калуунун мүмкүндүктөрү дээрлик жокко эсе.

Базарларга кирүүчү жолдор да соода иши үчүн пайдаланылып, тар болгондуктан, өрт өчүрүүчү унаа эмес, жөө кишинин кирип-чыгышы кыйын. Жол боюндагы соода текчелери бири-бирине жакын коюлган. Эгер кокустук болуп, өрт чыга турган болсо, андан сактанып калуунун шарты камсыз кылынган эмес.

Өрткө каршы кызматтар эми соода жайларындагы эреже бузууларга каршы кескин чараларды көрүү ниетинде.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 2017-жыл ичинде 95 өрт кырсыгы катталып, андан 2 миллион сомдон ашык материалдык чыгым болгон. Ал эми борбордук базардын соода аймагы 150дөн ашуун жеке менчик ээлерине таандык.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *