Жалал-Абад: Миңден ашуун киши жумушка орношту

Жалал-Абад шаарында калкты жумуш менен камсыз кылуу аракеттери күчөтүлүп, өткөн жыл ичинде шаардык социалдык ѳнүгүү башкармалыгынын эмгек менен камсыз кылуу бѳлүмүнүн кѳмѳгү менен 1215 адам ишке орноштурулду. Бул 2016-жылга салыштырмалуу көп болуп, өсүш 101,4 пайызды түздү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга жалпы 236 жумушсуз киши тартылып, 2016- жылга салыштырмалуу көрсөткүч 100 пайызды түзгөн.

Ошондой эле, кесиптик даярдоо боюнча окууларга 165 жумушсуз киши жөнөтүлүп, 2016-жылга салыштырмалуу өсүш 104,4 пайызга жетсе, 9 жумушсуз чакан насыя алышып, өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүү мүмкүндүгүн алышты.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *