Жалал-Абад шаардык кеңеши таркап кетип, жаңы шайлоо болобу?

Жалал-Абад шаардык кеңеши таркап кетип, жаңы шайлоого болобу? 27-январда Жалал-Абад шаарынын район аралык соту КСДП фракциясынын РАЖ, Ата-Журт жана «Өнүгүү-Прогесс» фракциялары көпчүлүк коалициясын түзгөн шаардык сессиясын мыйзамсыз деп табуу боюнча арызын канааттандырган жок.

Сот аркылуу таасир эте албай калганын түшүнгөн КСДП партиясы эми көпчүлүк коалициясын жөн гана бузуп салууга барууда. Бүгүн белгилүү болгондой, РАЖ фракциясы КСДПнын басымына чыдабай, коалициядан чыгууну чечти. Бул чечимдин протоколу да даяр.

Мындан улам, КСДП фракциясы кандай гана ыкма болбосун, мэрликке өз кишисин коюуну көздөп жатканы ачыкталып калды. Бирок алардын бул планы да ишке ашпай калышы мүмкүн, анткени Жалал-Абад шаардык кеңеши өзүн-өзү таратып, жаңы шайлоо болушу мүмкүн дегенге жүйөлүү себептер жетиштүү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *