Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсү асфальтталууда

Жалал-Абад шаарындагы борбордук Ленин көчөсү кеңейтилип, бүгүнкү күндө акыркы жумуштар аткарылууда. Көчөдө жарыктандыруу жана асфальт жаткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Эгемендиктин 25 жылдыгына карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаар мэриясынын тийиштүү бөлүмүнүн башчысы Миргүл Эгемова билдирди.

Өткөн жылы шаардагы Ленин көчөсүн кеңейтүү долбоорунун биринчи этабы ишке ашырылып, шаар борборунда унаа тыгындары жоюлган жана жол кыймылынын коопсуздугу камсыз кылынган. Быйылкы жылы бул долбоордун экинчи этабы башталып, ага жергиликтүү бюджеттен 11 миллион 720 миң 200 сом бөлүнгөн. Май айында курулуш иштери башталган.

Азыркы кезде бул көчөнүн кеңейтилиши боюнча жумуштар аягына чыгууда. Мурда жолдун кеңдиги 12 метр болсо, эми 22 метр болуп, дээрлик эки эсе кең болот. Жол боюна тротуар курулду жана жол менен тротуарды бөлүп турган арыкчалар жасалды. Бордюрлар акталып, көчөнүн түштүк жагына кумтосмолордон дубалдар тургузулуп, шаардын бул бөлүгү кооз болуп калды.

-Буюрса, аз гана күндөр ичинде кеңейтилген көчө пайдаланууга берилет. Унаа тыгындары болбойт, жол кыймылынын коопсуздугу толугу менен камсыз кылынат. Баарынан мурда шаарыбыздын борбордук көчө бөлүгү кооз, иреттүү болуп калат, – дейт М. Эгемова.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *