Жалал-Абад шаарынын партулдук милициясы жаранды сүзүп качкан айдоочуну изин суутпай кармашты

6-сентябрь күнү саат 22:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаа жол четинде бара жаткан 24 жаштагы Нурмухамед аттуу жашоочуну сүзүп кетип, окуя болгон жерден токтобостон изин жашырып качып кеткен. Бул туурасында Жалал -Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жабырлануучу Нурмухамед автоунаанын номурун эстеп калып, “102” кызматына билдирген. Жалал-Абад шаарынын патрулдук милициясы жүргүзгөн ыкчам –иликтөө иш- чараларынын натыйжасында, кылмыш изин суутпай Сузак районунун Барпы айылынын 21 жаштагы М.О. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаранга административдик протокол толтурулуп,  атайын унаа токтотуучу жайына унаасы киргизилген. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *