Жалал-Абадда күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө жаңы автоунаалар тапшырылды

Бүгүн, 13-июнда Жалал-Абад облусундагы ички иштер башкармалыгына караштуу  шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн алдындагы күжүрмөн күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө Франция өндүрүшүнөн чыгарылган “Рено – Логан” үлгүсүндөгү жеңил автотранспорттор тапшырылды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Эркиндик” аянтындагы күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө жаңы автоунааларды тапшырууга арналган милиция кызматкерлеринин гарнизондук салтанаттуу жыйынына Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана шаарлар менен райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн күзөттүк милиция кызматкерлери катышты.

—   Урматтуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын күжүрмөн милиция кызматкерлери, Сиздерди КРнын ички иштер министрлиги тарабынан күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө тапшырылып жаткан жаңы автоунааларды алып жатышыңар менен куттуктаймын. Мунун өзү Кыргыз Өкмөтү тарабынан коомдук коопсуздук менен тартипти камсыз кылуудагы милиция кызматкерлерине көрүлгөн камкордук деп түшүнсөк болот. Жаңы автоунаалар элибиздин тынч турмушун сактоого жана коомдук тартипти бекем камсыз кылууда күзөттүк милиция кызматкерлерине өз милдеттерин тактыктуу аткарууга татыктуу  кылат деп ишинемин,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармалыгынын райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө жаңы автоунаалардын ачкычтарын ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад облусттук улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын башкармасынын башчысы Канжарбек Бокаев, Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов тапшырды.

Жалал-Абад облусундагы шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн алдындагы күжүрмөн күзөттүк милиция бөлүмдөрүнүн өздүк курамы  жаңы автоунаалардын ачкычтарын алышкан соң салтанаттуу гарнизондук жүрүштөн өтүшкөн соң күжүрмөн жооптуу кызматтык милдеттерин өтөө үчүн райондор менен шаарларга жөнөп кетишти.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *