“Жалдырама”

Өзүмдүн өмүр баяным жөнүндө азыноолак айтып берейин деп чечтим урматтуу мекендештерим, жердештерим, жээн-таякелерим. Бала болуп башыма жүн чыкканы өтө эле тың чыктым. Суу куйду жинди  аталдым. Эки күндүн биринде мушташмай, тоок уурдамай, айылга чаң-тополоң салмай.

Эр жетип азамат аталганда армияга барганым жок. Ата-энем военкомго кой-козусун берип, альтернативный кызматка которуп, акчаларын төлөп мени солдаттан куткарып калышкан. Эрке-талтаң өстүм. Эмне айтсам ата-энем баарын алып берет. Кымбат баалуу велосипед, кычыраган авто-машинаны айдап каалаганымды жасайм. Ага алымсынбайм. Өзүмө окшогон арак-винону жакшы көргөн досторумду салып алып кафе, кыз-келиндин сулуусун тандап саунадан башым чыкпайт. Акча көптүрүп, бир чети тартыш болгондуктан алкаш досторум менен айылдагы кой, уй кийин жылкы уурдамайга өтүп, акыры милициянын тузагына илинип, алты жыл абакка айдалдык. Түрмөнүн туз даамын татып, ал жактын “аба ырайын” бат өздөштүрүп, каралардын катарын толуктап кадыр-барк күттүм. Ажонун амнистиясы менен эркиндикке чыгып, эгемен мамлекеттин демократиялык укуктарымды кеңири пайдаланып рекетчилик жасап бапыраган байлык топтоп, квартираларды ижарага берип, машина оңдоочу, жуучу жайларды ачып, сауна, кафе, ресторан дегендердин ээси болдум. Түү деген түкүрүгүмдү тосуп алчулар четтен чыгып турду. Өтө абройлуу, мартабалуу, мага окшогон көздөрүн май басып көөп жүргөн депутаттар, сот, прокурорлор менен таанышып, табакташ, сырдаш, коюн-колтук алышкан дос болдук да калдык.

“Булут минип, муз бүркүп” жүрсөм депутат досум ЖКга депутат бол деп калды. Баланча долларды бересиң деди эле, шарт санап берип ЖКнын кымбат баалуу жылуу жумшак орундугуна урматтуу делинген депутат болдум да калдым. Болоорун го бакыйган депутат болдум, бирок бул жогорку парламент дейби, келгени мени Кудай урду! Жалдырама деген оору менен ооруп калдым!

Жалдырап эле отурам. Колуңду көтөр десе көтөрөм, түшүр десе түшүрөм. Жанымдагы капталын жеген, көптөн бери депутат болуп жүргөн жедеп такшалган депутат кошунам кнопканы бас десе басам, шүк отур десе биринчи класстын баласындай момоюп тынч отура берем. Карамушкинадай туурабы-туура эмеспи какылдай албайм. Бирок тайманбай чындыкты факт менен бетке айткан Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Каныбек Иманалиев, Аида  Касымалиева, Алмамбет Шыкмаматов, Садык Шер-Нияз, Исхак Масалиевдер бар. Ойду-тоону сүйлөгөн Кожобек Рыспаев, өтө эле уялчаак Камчыбек Жолдошбаев деген коллегаларым отурат опурулуп. Калгандарыбыз калайык калк айткандай “балык” жепутаттарбыз, тоюс депутаттарданбыз. Бул ыйык жерде эмне талашып, эмнеге тытышып жатканы менен деле ишим жок. Мыйзам дейби, 99 токтомду тоголотуп жиберели дейби, эмне айтып жатышканына деле көңүл бурбайм. Ал эмне тоголонгон токтом экенине тумтак түшүнүгүм жок. Айтор ар кимдин оозун карап коюп жалдырап отура берем. Алар кайым айтышат кээде жакалаша түшүшөт. Бири-бирине ызырынып, ыкчынышат. Кайрадан кучакташып өбүшүп, күлүп-жайнап калышат. Интересный народ. Кандай адамдардын арасына келип калдым деп башымды катырам. Көпчүлүгү мага окшогон көпөстөр, бизнесмен, коммерсанттар экен. “Эл үчүн кызмат кылып жатам!” деп эки күндүн биринде ээленип, трибунадан түшпөй какылдап-какшап, бирөөлөргө сөмөйүн кезеп коркутуп-үркүтүшкөн болот. Элге кызмат кылганы деле көрүнбөйт. Айрыкча өкмөттүн мүчөлөрү келгенде ал бечараларды жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап, айлаларын алты кетирет. А балким алардын ордуна барып иштесе кыйратып ишти алга сүрөп кетээрине деле ишенбейм. Иши кылып туурабы-туура эмеспи улам чыгып бакырып, бакылдап турсаң элге кызмат өтөп жатат экен деген ойду жараткан пиар турбайбы.

Менде андай шык, жөндөм жок. Аюуча бакырып, жолборсчо куүркүрөп, алам дегенимди алып, жулам дегенимди жулчу элем, азыр анын бир жок. Өзүмдү эр ойлочумун. Бул жерде менден өткөн шерлер, манчыркаган шылуундар бар экен. Бирок отура берем ойлонуп, жалдырап, жаңы келген келиндей созулуп, чоюлуп. Депутаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп уктайт деген принципти карманам. Бул жердин пайдасы өз бизнесимди гүлдөткөнгө чоң пайдасы тиет экен. Ал укугумду колдон чыгарганым жок. Айына пенсионер 3 миң сом алса, мен 51 миң 900 сом алам. Жолтандабасыма деп 10 миң 500 сом, тетиктерине 4500 сом, калем сабыма, чүчкүргөн-бышкырганыңа, аныңа-мунуңа деп отуруп, мага эле айына 100-120 миң сом кетип, жалпы “эл урматтаган” кесиптеш депутаттарым менен кошо жылына өлкө казынасынан 800 млн. сомду жалмап турат экенбиз. Керкейген кесиптештерим “Кеттик чет мамлекеттерге” – дейт. Эмнеге десем, “Иши кылып арабызда журө бер, ойнойсуң, чардайсың баары бекер, башка эмне керек сага бас жүрү” – дешет. Бара берем. Ал жактан деле ачылган оозум жабылбай, жалдыраган боюнча кайра келем. Албетте жыргал дечи баскан-турганың, ичкен-жегениң, ойноп-күлгөнүң түгөл өз чөнтөгүңдөн чыкпай, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен болуп жатса. Онтоп ооруп калсаң мыкты дарыгерлер иштеген атайын оорукана, бейтапканада тырмагыңа чейин көз салып турат. Курорт, пансионат-санаторийлерге үй-бүлөң менен эс алмай. “Кыскасы жыргалдын туу чокусу. Так, что урматтуу мекендештерим, Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмки шайлоосуна эмитен аттанып, оголе көп акча каражатын топтогула демекчимин.

Асан Акматов

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *