Жамин Акималиев, айыл чарба илимдеринин доктору, академик: “Айыл чарба министрлигинин шалаакылыгынан элдин шору кайнап атат”

— Жамин ага, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн айыл чарба акыбалы кандай?

— Биздин айыл чарба министрлиги, жетекчилик быйылкы жылдын эсебинде “катырып атабыз, жыргатып салдык” деп мактанса ооздорунан көбүк чыгат. Жакында эле кайсы бир гезиттен окуп калдым, “баардыгы сонун, азык-түлүк жетишет. Коммунизмди куруп койдук” дептир. А чын-чынына келгенде айыл чарбанын абалы оор бойдон калууда. Айыл чарба министрлигинин негизги максаты – элди тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылууда.

Айыл чарба министри сиз айткандай “баары жайында” деп эле атпайбы же андай эмеспи?

— Эмнеси жайында экенин билбейм. Кыргызда “башкасын коюп Манасты айт” дейт. Анын сыңары, биз сөздү нандан баштасак. Нандан ыйык эч нерсе жок. Керек болсо согуш учурунда жерге түшүп калган буудайдын бир башын терип жан сактаганбыз. Азыр ар бир үйдө дасторкондо нан турат. СССР тушунда жыл сайын 2 млн. тонна буудай өндүрүлүп турчу. Республика нан менен камсыз болуп турар эле. Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин айтымында, быйыл 550 миң тонна гана буудай өндүрөт экен. Бизге 1 млн. 200 миң тонна керек. Ал эми буудайдын калганын коңшу Казакстандан апкелинет. Жок дегенде нан менен камсыз кыла албай атканы жанды кейитет. Анан эмнесине мактанышат билбейм. Ошол эле жер, ошол эле айдоо аянты, эч ким эч жакка алып кеткен жок.

— Азык-түлүк коопсуздугучу?

— Бизде сен айтып аткан азык-түлүк коопсуздугунун тогуз түрү бар. Нанды айттым. Кумшекер, өзүң билесиң СССР тушунда бүткүл Орто Азияны камсыз кылар элек. Учурда нан менен өзүбүздү 50% камсыз кыла турган болсок, кумшекер менен 20 гана пайыз камсыз кылынат экен. Үчүнчүсү, өсүмдүк майын айталы. Совет доорунда күнкарама жана пахта майы болуп, муну менен да эч бир көйгөй болбойт эле. Азыр өлкөбүздө 20 пайыздан ашпайт. Жер-жемиштер бизде Кудайга шүгүр дегенибиз менен болгону 60-70%. Калган 30-40%ы сырттан келет. Мал чарбасы, анын ичинде эт продукциясы 65%, жумуртка менен 55% камсыз кылынат. Картошка, жашылча, сүт продукциялары жетиштүү. Мындайча айтканда, азык-түлүк коопсуздугунун 9 түрүнүн үчөө менен гана өзбүздү өзүбүз камсыздайт экенбиз. Калган алтоо жетишпей, ошонун кесепетинен Казакстандын көзүн карап атабыз. Анткен менен жогорудагы баардык тогуз түрү менен республиканы толук кандуу камсыз кылсак болмок. Андай шарттар бар. Бир учурда биздин республика өзүн-өзү камсыздап, анысы аз келгенсип кээ бир азык-түлүктү башка союздук республикаларга жөнөтүп турчу. Мындай фактылар толтура.

— Жамин ага, биз өндүргөн картошка жөнүндө да кеп кыла кетсеңиз. Казак, өзбек бир туугандар алып атышабы?

— Былтыр 1 млн. 200 миң тонна картошка өндүрүлгөн. Бизге анын жарымы эле жетиштүү болчу. Казак боордоштор ЕАЭБдин техникалык регламентине таянып, биздикин албай коюшкан. Ал учурда коңшу Өзбекстан менен мамиле жакшырып, достук мамилеге таянып алардын өндүргөндөрү биз жакка токтоосуз өтүп, биздин картошка да жакшы өтө баштап, дыйкандарга жакшы болгон. Азыр болсо алар да өткөрбөй атканынан кабарым бар. Анткени өздөрү өндүргөн картошканын баалары төмөндөп кетпеш үчүн бөгөт коюп атыптыр. Эмне үчүн биздин өкмөт бул боюнча чара көрүшпөйт, белгисиз.

— Айтсаңыз, жогоруда кээ бир азык-түлүк түрү менен өзүбүз эле өлкөнү камсыздасак болбойт беле?

— Мен эмнеге жаным күйүп-бышып атат? Бул эми айыл чарба министрлигинин чабалдыгы, шалаакылыгынан ушундай кризис жаралып жатат да. Элдин шорун кайнатышты. Алар ар жыл сайын азык-түлүк программасын иштеп чыгып, “быйыл мынча гектар жерге буудай, тигинче гектар жерге кызылча, картошка ж.б.” деп бөлүштүрүп, иш алып баруу керек эле. Жадагалса жумуртканы Казакстандан алып келип атабыз…

— Мал чарбасын айта кетпесеңиз болбойт.

— “Мал чарбасын да катырып атабыз” деп атышат. Мындан 27-30 жыл мурун жалпы малдын 90 пайыздан көбү, тактап айтканда, 97% асыл тукум болгон, азыр 7 пайызы гана калды. Асыл тукум деген эмне? “Беш уйдун ордуна бир уйду бак” деген кеп. Эгер жергиликтүү уйлар жылына 2 миң литр сүт берсе, асыл тукумдуу уйлар 10 миң литрге чейин берет. Учурда 800 миң саан уюбуз бар. Былтыр көрсөткүч боюнча ар бир уйдан 1900 литр сүт саап алыптыр. Ал эми Совет доорунда 3 миң литрден кем эмес эле. Биз эчкиге көңүл бурбай атабыз. Эчкини жакшы баксаң жылына миң литрден кем эмес сүт бергени турат. Илимпоздор изилдеп, аны пайдасы, этинин дарычылыгын саймедиреп атышат. Эми койду алалы. Совет доорунда бир койдон орто эсеп менен үч жарым килодон ашык жүн алынчу. Азыр болсо эки килодон ашпайт. Айыл чарба министрлиги эмнеге ушунун үстүнөн иштебей атышат билбейм.

— Иштеп атышкан чыгар…

— Иштесе кана? Министрликте, район, облус болуп жалпы жонунан беш миң киши иштейт. Мамлекеттен жылына 2 миллиардд сом айлык алышат. Жасаган иштери жанагы. Мына, айыл чарбаны акыбалы, бетке айткан сөздүн заары жок эмеспи!

Сурат Жылкычиев

Булак: Азия ньюс     

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *