Жамшитов саясий заказ менен алек болобу?

Коррупцияга карты күрөштү күчөтүп, коррупционерлерди желеге козу көгөндөгөндөй тизет делип жаткан жаңы шайланган башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов деле кыйратпай калды көрүнөт. Анткени Жамшитов Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турганда айрым коррупцияга шектүүлөрдү калкалап келгени айтылууда. Башкача айтканда, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп турган 2010-2015-жылдар аралыгын-да да 315 мыйзамсыз токтом чыгарып, 14,34 гектар айьш чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген делип айыпталып, коррупция менен кылмыш иши козголгон учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковдудал ушул Жамшитов калкалап келгени кеп болуп жатат. Ошол себептен Исаковдун иши бүгүнкүгө чейин создугуп келиптир. Демек коррупцияга шектүүнү калкалап жүрсө, коррупционерлер менен кантип күрөшмөк эле? Саясий заказдар менен эле алектенип калбаса болду…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *