Жанар Акаев, депутат: “Мөңгүңөн бери сатып отурасың, сүйлөгөнүңөр таза коом”

“Мөңгүлөрдү талкалоого каршы добуш бердим. Эмне үчүн?”, – деп жазды Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн instagram социалдык тармактагы баракчасына.

1) Мыйзам боюнча бир дагы кен казуучу компания мөңгүгө кол салууга укугу жок, бирок Центерра Давыдов менен Лысый мөңгүсүнө кол салып, керек болсо аны бүгүн мыйзамдаштырып бердик. Мен Кумтөргө барып келдим, Давыдов мөңгүсүнүн жарымы жок болгон, Лысый дагы четинен кертилип баштаптыр! Жоопкерчиликти тарктан бирөө болобу буга? Өкмөт болсо аларга адвокат болгонун койбоду, уялбай дагы залда колдоп бергениңерге рахмат деп сүйүнүп жүрүшөт.

2) Эртең эми башка инвесторлор келип, мөңгү бизде да эрип баштады, Центеррага бергендей уруксатты бизге да бергиле, тажрыйбаңар бар десе, өкмөт дагы келеби? Бул өнөкөт болуп калат, анткени парламентте көпчүлүк айбат кылыш керек болчу!

3) Жер астынан кенди казуу бир жылдары башталган, бирок ал токтоп жер үстүнөн казылды. Ошого ким уруксат берди жана эмне үчүн бир да киши ушундай катачылыктарына жооп берген жок?

4) Президент БУУда мөңгүлөрдү сактоо чакырыгын салды, а бул жакта өкмөт мөңгүлөрдү талкалоого уруксат алды. Эки жүздүү саясат эл аралык кадыр-баркыбызды ого бетер түшүрдү.

5) Эң өкүндүргөнү – бу кыргызда пулуң болсо-кулуңмун деген саясат башкы орунга чыкты, келечек, абийир, тарых алдында жооп берүү сыяктуу башкы баалуулуктар артка жылды. 2040-жылга стратегия жазганды мындай кой, алдыңда кашкайып турган маселени чечалбай, мөңгүңөн бери сатып отурасың, сүйлөгөнүңөр таза коом. Коомго тийишпей, өзүңөрдү тазалап алгыла деген киши жок.

Эске салсак, кечээ, 16-ноябрда Жогорку Кеңеште Өкмөт сунуштаган “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооору добушка коюлуп, 85 депутаттын 63ү макул деп добуш берген.

3 comments

  • Зулумбек says:

    Молодец Акаев мен сизди колдойм. Ушундай ачык айкын суйлош керек акты ак караны кара деп красавчик

  • Сапар says:

    Мээси жоктор топтолду озу. Билими жок эле кочодон топтолуп келгендер отурушат. Зеналиевдин Текебаевдин споолоруна жооп бере албай жаман окуган окуучуга окшоп отургандале там бергем кандай гана акмактар топтолгонуна. Айла жок акчалуулар бийлей турган кез келген окшойт. Мындайда Кыргызстан жок болот деген миш миш создор туура болуп чыгат.

  • Ото кейиштуу иштер уланууда.Ким буга богот койо алат. Биздин депутаттарыбыз ушунчалык кайдыгер мамилени оз жерибизге, элибизге жазап жатканда андай депутаттардын эмне кереги бар. Акаев Жанар азамат экен, бул баланы колдош керек, монгуго кол салгандар элибизге, жерибизге кол салганга барабар болуш керек.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *