Жаңы бийликтин маалымат саясаты кандай болот?

Демократиябы, диктатурабы, ар кандай эле бийликтин өзүнүн идеологиясын жана саясатын жүргүзгөн маалымат каражаттары болору белгилүү. Ал тургай мындан эки кылым мурда дүйнөнүн жарымын басып алууга умтулган француз императору Бонапарт Наполеон да “Жүздөгөн штыктардан беш-алты перо коркунучтуу душман”,- деп прессанын ордун жогору баалап койгон экен. Бирок азыркы биздин демократия же диктатура экендиги белгисиз мамлекетибиздин идеологиясынын “и” деген тамгасы болбогон менен бюджеттен (демек, элдин эсебинен) каржыланган медиа тармагын өз ордун бекемдөө, оппозицияга каршы тукуруу үчүн колдонуп келишүүдө. Андыктан өзгөчө шайлоо учурунда мамлекеттин “акырынан жем жеген” ММКлар үчүн “той” болуп, жыргап эле калышса, өз каражаты менен өп-чап жашаган чөнтөгү тешик, “эркин” деген гана аты бар жылаңач баатыр кесиптештер деле  “сөөк мүлжүп”  калышат.

Экс-президенттердин журналисттерге мамилеси жакшы эле

Канткен менен интеллекти жогору туңгуч президентибиз А. Акаевдин тушунда оппозициянын таламын талашабы же бу позициянын арыгын тазалап, ырын ырдайбы, журналисттердин кадыр-баркы жогору болчу. Жыл сайын Жаңы жылдын алдында ондогон Ак үйгө жаккан калемгерлерге “Алтын калем” сыйлыгын ыйгарып, калың конвертин кошо берчү. Ал эми бийликти сындагандар такыр эле теңирден тескери кетип баратса, “ийри олтуруп, түз кеңешип” эле маселени чечип алчу… Мындай ортомчулук миссияны ошол кездеги “кичинекей Суслов” деген лакап атка ээ болгон пресс-катчы, азыркы ЖК депутаты К. Иманалиев аткарып, редакциялардын кеңсесине өзү “оор келип, жеңил кетерин” ошол кесиптештерибиз азыркыга чейин эскерип жүрүшөт. Башкасын кой, А. Акаевдин өзүн сан сайын катыра сындачу “Кыргыз руху” (азыр чыкпай калды…) гезитинин редактору, белгилүү журналист, драматург С. Раевди Израилге жасаган расмий иш сапарына кошо ээрчитип барып, “бул оппозициялык гезиттин редактору…”,- деп тааныштырып, жүүттөрдүн оозун ачырбады беле. Кыскасы, ушул жана башка сөз эркиндиги, демократияны орноткон, айыл жетекчисинен тартып, президентке чейин ачык сындаган гезиттердин шарапаты менен Кыргызстан дүйнө жүзүнө “демократия аралчасы” катары таанылды. Анын артынан өлкөбүзгө үзүрүн журналисттер эмес, чиновниктер көргөн миллиондогон кредит, гранттар келип, экономикабызга эбегейсиз салым кошулду. Тилекке каршы кийин, 2005-жылы А. Акаевдин түбүнө ошол эле оппозициялык ММКлар жетип, бийлигин кулатып, жоогазын революциясынын кыймылдаткыч күчү болуп калды.

Бирок акылга караганда кара күчкө көбүрөөк басым жасаган кийинки президентибиз К. Бакиевдин тушунда бир топ эле журналисттер азап тартып, алды ур-токмокко кабылса, арты чет жакка качып кетүүгө үлгүрдү. Анткен менен бийликчил журналисттер баягыдай эле акча менен сый-урматка маарып келгендигин билебиз. Башка учурда болбосо да жыл сайын бир ирет, 7-ноябрь – басмасөз күнүндө оппозиция, бийликчил дебей, баардык ММК өкүлдөрүн Ала-Ала резиденциясына чакырып, стол сына турган жайыл дасторкон жазылып, президент өзү төртүнчү бийликтин өкүлдөрү менен баарлашып, бийлеп, стакан кагышып, майрам көңүлдүү өтчү.

Болгону бир жылдын ары жак, бери жагында бийликте отурган өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаеванын тушунда кайсы бир журналист кордук көрүп же соттолуп-оттолгондугун эстей албайбыз. Кайра жалаң батышчыл кесиптештерибиз Ак үйдүн пресс-катчылыгынан тартып, ичи-тышына чейин толуп алышып, апче кетеринде аларга сыйлык, наамдарды пирожкидей эле таратты го, чиркин.

Калем ээлери кызыктын баарын тарыхта өзүнүн “балп” этмелери менен гана эсте калган экс-президент А. Атамбаевдин алты жыл бекер эле (себеби жок дегенде алты ишкана курган жок) башкарган “хандык доорунда” көрдүк окшойт. Ал алгач эле “мен гезит окубаймын”,- деп балп этип, ансыз деле өп-чап жашап, нускасын жалаң пенсионерлердин эсебинен көбөйтүп жан багып келаткан үч-төрт өкмөттүк гезиттерди башка чапкандай кылды. Кийин,  маалымат жыйынында “менин агамды силер жаза берип өлтүрдүңөр”,- деп догурунса, дагы бир ирет Ысык-Көлдө чыркыраган чындыкты айтып суроо берген жаш журналистти кагып-силкип, жекирип, өзүнүн “өтө маданияттуу” экендигин далилдеди. Ал жигит Бишкекке келери менен жумуштан бошотулгандыгы тууралуу “жакшы” жаңылыкты уккан. Бир гана ирет, кетер алдындагы коштошуу жыйынында “жакшы түш көргөн” редакторго алтын саатын чечип берип, өткөн-кеткен күнөөсүн актоо аракетин жасаганы болбосо, калган учурда “басмачыларга” ар качандан бир качан каарын төгүп турду. Бирок Ч. Жакупова, азыркы кыргыз журналисттеринин алдыңкысы саналган таланттуу публицист Нарын Айып менен Дина Маслованы он миллион сомдон ашык доого жыгып, сотто “утуп алып”, азыр булардын үй мүлкүн талашып, бала-чакасын көчөдө калтырууда. Ошол эле учурда АКШ Конгресси тарабынан каржыланган “Азаттык” радиосуна берген доо арызын бул үналгынын Прагадагы кеңсесинин башчысы Бишкекке шашылыш учуп келген соң кайра артка кайтарып алып, “хандын сөзү эки болорун” далилдеди. Баарынан да эки революциянын “курмандыктары” болгон экс-президенттер А. Акаев менен К. Бакиевдер даай албаган, Кумтөрдөн кийин эле кирешелүү ишкана катары эсептелген “Вечерний Бишкек” гезити сайты, типографиясы, килейген үч кабат имараты менен кошо дал ушул А. Атамбаевдин бийлигинин учурунда мурдагы ээси А. Ким жана акционерлерден тартып алынды…

Айрым мамлекеттик телеканалдардын жетекчилери эмнеге кызматтан кетти?

Айрым мамлекеттик деп эсептелип, бюджеттен каржыланган кээ бир телеканалдардын жетекчилери күтүлүп-күтүлбөгөн жагдайда кызматтан кетишти. Алгач көп жыл А. Атамбаевдин пресс-катчысы болуп, акыркы айларда гана президенттик аппаратты жетектеген А. Үсөнов “өз арызы менен” ордун бошотуп берип, мындай кадамын “мындан ары А. Атамбаевдин ишине жардам берем”,- деп түшүндүрдү. Анын ордун баягы эле Акаев доорунан бери Ак үйдү айланчыктап, “өлбөс Кащей” атка конгон Ф. Ниязов ээледи.

Арадан көп өтпөй “ON1” (“Он бир”) деген менчик телеканалдын жетекчиси М. Багышов жамааты менен кызматтан алынды. Мурда бул канал экс-президенттин  “легендарлуу” шоопуру И. Илмияновго тиешелүү экендиги айтылып, көпчүлүк учурда түштүк тараптагы иши жүрүшкөн бизнесмендер тарабынан каржыланары айтылып жүрчү. Аталган телеканалга “Бешинчи каналдын” шеф-редактору Д. Ложников директор болуп дайындалып, журналисттер да аталган телеканалдан “оптом” жумуштан кеткендер келишти.  Ортодо эле М. Багышов менен иштешкен кесиптештер көчөдө калышты. Азыр “ON1” каналы жакында “Апрель” деген аталыш менен обого чыгары да айтылууда. Көрсө, мурдагы аталыш М. Багышовго катталгандыктан, атын өзгөртүүгө туура келип жатса керек.  Эң кызыгы, телеканал “Форум” имаратына көчөөрү тууралуу маалымат, чыныгы ээси ким экендигин жана кандай максатты көздөп жаткандыгын ачыкка чыгарып койду. Бирок А. Атамбаевдин “Апрели” Ө. Текебаевдин “Сентябрындай” курч, популярдуу болуп, өз аудиториясын таба  алабы, жокпу, аны мезгил көрсөтөт.

Айрым эксперттер жаңы каналдын ишке киришип жатышын экс-президент А. Атамбаевдин президенттиктен кетер алдында “Өзүм менен кошо эски саясатчыларды ала кетем, мен кайра келем, бирок алар кайра келбейт…”,- деген сөзү менен байланыштырышууда. Чындап эле акыркы алты жылда Ө. Текебаев, С. Жапаров, Д. Чотонов, Б. Асанов, К. Исаев жана башка ондон ашык оппозициялык саясатчылар болор-болбос, далили жок дооматтар менен камалып, дагы жыйырма чактысы соттолуп чыгып, моюнуна каргы илинишин, А. Атамбаевдин ушул сөзүнүн далили катары карасак болот. Ал эми Ф. Ниязов экс-президенттин февраль айында КСДПнын курултайын өткөрүп, кайрадан лидер болуп шайланарын алдын ала билдирип койду.

Бул арада чоң шайлоолордун алдында бюджеттик каржылоого өткөрүлүп, мамлекеттик деген макамды моюнуна илип алган “Пирамида” телеканалынын директору Н. Токтогулова да “өз арызы менен” кызматтан кетти. Айрым кесиптештерибиздин айтуусунда, “5-канал” да, “Пирамида” да олчойгон карызга батып калган. Демек, бул каналдарга жетекчилик, менеджерлик сапаты жок директорлор дайындалып, алардын ошол учурдагы бийлик башындагыларга жердешчилик жана башка жеке мамилелери гана эске алынган. Эми “иши бүтүп, эшеги ылайдан өткөн” соң айрым депутаттар аркылуу бул телеканалдарды мамлекет тарабынан каржылоону токтотуу керектигин айтышууда.

Мындан тышкары бюджеттен каржыланган КТРК, ЭлТР телеканалдары жана өкмөттүк гезиттер менен бир агенттиктин жетекчилери ордунда каккан казыктай эле отурушат. Алардын көрсөтүүлөрү менен жазган, окуган маалыматтарынын канчалык деңгээлде улуттук, элдик кызыкчылыкты коргоп, “жеген нанын” актап жаткандыгы өзүнчө сөз. Эгер кокус кыялы чукул, бат өзгөргөн экс-президент А. Атамбаев жакынкы күндөрү өз партиясынын курултайын өткөрүп, эл арасында айтылып жүргөндөй президент С. Жээнбековго оппозиция болуп калса, парламент тарап, жаңы шайлоо жарыяланса, жогорудагы мамлекеттик ММКлардын эски гвардиясы кимдин ырын ырдап, чоорун чордоп, барабанын дүңгүрөтөт?

Дегеле А. Атамбаев эмес, андан мурдагы президенттердин тушунда деле бийлик эркин ММКлар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, аларды каржылап, акысына маалыматтык колдоо алып турган “салт” бар. Мисалы, эң популярдуу делген эркин агенттиктердин бири ай сайын бийлик тарабынан ири суммада жең ичинен колдоо алып тургандыгын ошол эле бийликтегилердин аялынын “көзүнө чөп салгандай” мамилесине нааразы болгон мамлекеттик маалымат каражаттарынын журналисттери айтып жүрүшөт. Ал эми куулук-шумдукту билбеген, таза президент С. Жээнбеков мамлекеттик маалымат саясатын кандай жүргүзөт болду экен?

Т. Жаныбеков

Булак: Жаңы Ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *