Жаңы кызматтарды ээлешкен Сагынбаев менен Курбанов

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары бодуп дайындалды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Президенттик аппарттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлашынча, Сагынбаев буга чейин өкмөттүн аппаратында коргонуу, тартип коргоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн жетектеген. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Адылбек Курбанов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *