“Жаңы Муун” саясий кыймылынын элге кайрылуусу

Урматтуу кыргызстандыктар!

Келе жаткан 11 декабрда, жалпы Кыргызстан боюнча Референдум өткөрүлөт жана көпчүлүк аймактык борборлордо жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо күнү болот. Соңку чейрек кылымдык тарыхыбызда 9 жолу Баш мыйзам өзгөртүлүп жатат, буга чейинки конституциялык өзгөрүүлөр экономикалык прогрессти жана саясий-социалдык ынтымакты элибизге, өлкөбүзгө тилекке каршы алып келе албады. Демилгеленип жаткан өзгөрүү референдум аркылуу эл менен кабыл алынат деп бийлик убада берип жатат. Бирок биз билебиз кандай жол менен бийлик референдумга даярданып жатканын, мамлекеттик, толугу менен бюджеттик, билим-илим кызматкерлерди, студенттерди ж.б., толугу менен күчкө салып референдумга “айдап” жатышат. Биздин тынчыбызды алган дагы бир чоң көйгөйлүү маселе, бул карапайым эле ар тараптуу, обьективтүү жана түз маалыматтын жетпегени. Анын ордуна, “коомдук” телеканалдардан бир тараптуу “түшүндүрмө” иштери жүрүп жатканы, бийлик эскиче “дежур” коомдук ишмерлер, эксперттер, окумуштуулар жана активисттерди колдонууда. Мындай жат көрүнүштөр жыйынтыгында коомду жарып-бөлүүгө алып келип жатат. Ушул ыплас ыкмалар биздин оюбузча демократиялык принциптерди жокко чыгарып, авторитардык режимге толугу менен жол ачат.
Референдумдан тышкары 2016 жылдын 11 декабрь күнү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо күнү, анын ичинде Бишкек шаарынын кеңешине. Бул атаандашта бир топ саясий партиялар ат салышып жатышат, алардын арасында учурда бийликтеги партия дагы бар. Албетте шайлоого чыккан жаш, таза күчтөр бар, бирок көпчүлүгү булар бийлиги жана байлыгы бар партиялар. Боло турган шайлоо таза, калыс жана адилеттүү болот деген ойдон биз такыр алыспыз. Анткени, шайлоонун салыштырмалуу жыйынтыгынын сценарийи эбак эле жазылган. Ал эми, айрым саясий партиялардын жар салынып жаткан куру убадалары шайлоодогу жөн эле шоу. Учурдагы шайлоонун шарттары бардык жарандар үчүн калыс жана адилеттүү эмес, бул шарттар бийлиги жана байлыгы барлар кана үчүн. Тизмелер түзүлүп жатканда прогрессивтик ой жүгүртүү жана талапкердин тазалыгы бааланбайт, анын ордуна капчыгынын калыңдыгы бааланган учур. Ошол үчүн айрым партиялардын күжүрмөн мүчөлөрүн четтетип жатышат, анын бири КСДП жаштар канатынын төрагасы Ренат Самудинов. Андан тышкары, оппозициялык маанайдагы саясий күчтөргө карата, ыплас саясий ыкмалар бийлик тараптан колдоонусу талашысыз болгондуктан, бир катар саясий партиялар Бишкек шаардык кеңешке катышпаарын чечишкен, анын бири “Ата-Мекен” партиясы, ж.б.
Биз, “Жаңы Муун” саясий кыймылы жогорудагы айтылган ойлорду эске алып, Бишкек шаарынын кеңешине боло турган шайлоону биз тааныбаганыбызды жарыя кылабыз. Ал эми кыргызстандыктар, өзгөчө каттоодон өткөн шайлоочулар үчүн кайрылуубуз – 11 декабрда боло турган референдумду колдобогонго чакырабыз, өтүнөбүз. Сиздер келе жаткан муун үчүн жаркын келечекти кааласаңар анда Каршы деп добуш бериңиздер!

“Жаңы Муун” саясий кыймылы

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *