Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков эл үчүн реформа жасай алабы?

Реформа – ​реформа жасоо үчүн эмес,

ЭЛ ҮЧҮН ЖАСАЛЫШЫ КЕРЕК!..

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү (инаугурация) аземи боло турган күнү жөнүндө расмий билдирүү менен катар эле, дээрлик бир учурда — ​ага эң башкы атаандаш болуп эсептелип келген жана шайлоодогу чыныгы атаандаштыкты жаратып, элге тандап алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген президенттикке талапкер, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат жарыяланды.

Албетте, козголгон кылмыш ишине жана анын канчалык деңгээлде мыйзамдуу, объективдүү болгондугуна компетенттүү органдар өздөрү адилет баасын беришер. А бирок, бир нерсе азыртан эле айдан ачык — ​бул кылмыш ишинин пайда болуусуна Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоо кампаниясы учурундагы ашкере активдүүлүгү (Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзүнө жана да анын дагы монтаж же монтаж эместигине кайрадан эле компетенттүү органдар жана тиешелүү адистер өздөрүнүн баасын беришери анык) себеп болгондугу талашсыз факт.

Башкача айтканда, президенттик шайлоонун расмий жыйынтыкталышы — ​биринчи жеңишке жетишкен талапкердин президенттик инаугурация датасы аныкталып бүтсө, экинчи талапкер үчүн — ​эркиндикте калабы, же эркинен ажыратылабы? — ​деген домоктун кылычындай суроонун коюлушу менен аяктап жатат…

Дегинкисин, демократиялуу өлкөлөрдө шайлоо компаниясы учурунда бирин-бири аеосуз төө бастыга алып, колдон келишинче чындап (бирок, кара пиар менен боктоп салбастан), тээ бала чагынан, ал тургай, ата-энеси тапкан байлыктарынын арам-адалдыгынан бери чукуп келишкен атаандаштар, соңку расмий жыйынтык чыгарылары менен эле кайрадан кол алышып, бирин бири куттукташып, жалпы өлкө кызыкчылыгы үчүн чогуу кызмат кыла беришерин эл алдында тастыкташып, инаугурация сыяктуу мамлекеттик зор салтанатта чогуу катышышат эмеспи. А биздин өлкөгө, ушул деңгээлге чейин өсүп жетиш үчүн дагы көп убакыт талап кылынары күмөн туудурбайт.

Себеби, коомубуз өзү кечээ жакында эле (албетте, тарыхый чен-өлчөм менен алганда!) болуп өткөн приватизация доорунун жана мамлекеттик-элдик-коллективдик мал-мүлктү талап-тоноочулуктун залдарынан толук арыла элек. Кечээ жакындагы эле теледебаттардын биринде ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүн колунда ар ткандай таза эмес жолдор менен байып алышкан 35 адамдын тизмеси бар экендигин, президенттик бийликке келсе аларды мыйзам чегинде жоопко тартып, коомду тазалоону баштай турганын жарыя кылган. 35 деген цифра, чын-чынына келгенде — ​бул айсбергдин берки бир эң үстүңкү жагындагы эле болор-болбос көрүнүп турган уч тарабы экендиги шексиз. Эгерде бизде мыйзамдар швейцардык сааттай так, чыкылдап иштей баштаса, коомдук-саясий маанайда чындап эле тазалануу ниети ишке аша баштаса, алда канча көп, андан он эсе, отуз эсе көп арам жолдор менен байышкан, коомдук-мамлекеттик мүлктү “мыйзамдуу сымал” уурдап, менчиктештирип алышкан адамдар чыгары бышык.

Кептин баары, ошол приватизация доорунда байыгандардын дээрлик баары тең мыйзам чыгаруу (Жогорку Кеңеш) органдарынан баштап, аны аткаруучу (прокуратура, сот ж.б.) мамлекеттик структураларга чейин олтурушканында болуп жатпайбы. Бул жагынан алганда, алар “куйруктары” бир аз кыпчыла калса эле, “менчиктештирүү жана кайрадан улутташтыруу маселесине кайра кайрылбаш керек!” дешип, ондогон “олуттуу” аргументтерин көтөрүп чыга калышат.

Демек, жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун эң биринчи кадамы катары эл чыдамсыздык менен күтүп жатышкан, анын тизмесиндеги ошол 35 ашкан бай-куркульдарды жоопко тартуу деле оңойго турбас жана чоң иш болору түшүнүктүү. Андан соң, мамлекеттик казынаны бир аз да болсо калыбына келтирген соң гана, тазалануунун кийинки этабына өтө алабыз.

Бардык коомдордо жана бардык учурларда сөзсүз жасалуучу процессти басып өтмөйүнчө, коомдук аң-сезим да эч качан алга жылбайт. Тээ түпкүр жагы чириген, борпоң негизге орнотулган начар пайдубалга үй курулган сымал, кыска убакыттын ичинде эки-үч өтө ири элдик толкундоолорго (революция дейбизби, же төңкөрүш дейбизби, — ​маселе анда эмес) түрткү берген, негиз болгон себептер да дал ошол маселеге барып такалат. Коомдо акыйкаттык жана теңсиздик болбосо, өткөөл, башаламандык өкүм сүргөн учурда, мыйзамсыз жана арам жолдор менен байып, мамлекеттик жана коомдук-элдик мүлктү менчиктештирип алгандар башкаларга “кандай жашоо керектиги” жөнүндө акыл үйрөтүп, жол көрсөтүп жатышкан заманда — ​туура жана эволюциялык жол менен өнүгөбүз деп ойлоо, бери эле болгондо — ​олуттуу маселеге ат үстүнөн, көңүлкош мамиле жасоо менен барабар!..

Дал ушундай кырдаал түзүлгөндүктөн улам гана, ошол коомчулуктагы нааразычылык абалды, коомдук-саясий кырдаалды пайдалануу жолу менен бир катар КМШ өлкөлөрүндө “түстүү революциялар” толкуну жаралды. Тереңирээк көз жүгүртүп көргөндө, бул революциячыл “толкундоолордо” дал ошол приватизация доорундагы менчиктештирүү детонатор, же жардыргыч күч катары колдонулгандыгын байкоого болот. Кыргызстан, Украина жана Грузия — ​бул үч өлкө тең менчиктештирүүнү абдан тез жана шашылыш-башаламан түрдө жасашып, тез аранын ичинде өз катмарларынан суурулуп чыгышкан миллионерлер катмарына — ​жаңы коомдук класстын түшүнүк-принциптерин, тартиптерин шардана кылышып, пропагандалай башташкан чөйрөгө ээ болушуп, айрым олигархтары миллиардерлерге айланышып, ал тургай атактуу Форбс тизмесине киргенге чейин жетишип калышкан болчу.

Океандын аркы жээгинен “коррупция менен күрөшүү үчүн” чечкиндүү келген грузин парламентинин жаш депутаты Михаил Саакашвили тез аранын ичинде, тим эле атылып чыккан ракетадай, карьера жасап, популярдуу саясатчыдан — ​революциячыл президенттикке чейин өсүп жетти.

Деген менен, айрым эл тарабынан колдоого алынган кескин реформаларды жасаса да, ал жедеп бутактанып, жайылып кеткен коррупцияны тээ тамырынан баштап кыя албай, кайра өзүнө каршы турган күчтөрдүн курмандыгына айланып, аз жерден соттолуп кете жаздап, өлкөдөн качып чыгып, азыр Украина жарандыгынан да ажыратылып, жарандыгы жок, кайсыл өлкөдөн жай табары белгисиз болуп жүрөт…

Асыресе, Саакашвилинин Грузия үчүн жасаган иштеринин жана мамлекеттик түзүмдөрдөгү реформаларынын канчалык жемиштүү болгондугун жана кийинки муундардын жашоосуна берген таасири канчалык болорун — ​тарых өзү гана тастыктай алат Анткени, азыркы андан өз учурунда ар кандай деңгээлде ыдык көрүшкөн Грузия бийлигиндегилер ага карата объективдүү боло алышары күмөн…

Көп күттүрбөй эле, ошол доордо ашкере ийгиликтүү болушкан ишкерлердин, бизнесмендердин алдыңкы өкүлдөрү президенттикке шайланышып (Кыргызстанда — ​Алмазбек Атамбаев, Украинада — ​Петр Порошенко), же Конституция боюнча, президент экинчи-үчүнчү рольдо калган өлкөдө премьер-министр (Грузиядагы — ​Бидзина Иванишвили сыяктуу) болушуп, айтор, өз дүйнөтаанымдары менен идеяларын өлкө масштабында, жалпы эл алдында жайылтууга мүмкүндүк алышты.

Булар деле алгач бийликке келишкенде, “коррупция менен күрөшүү”, мамлекеттик мүлктү уурдап-тоноп, байыгандарды кайра кустуруу сыяктуу убадаларды беришип, бул убадаларды аткаруу үчүн, бийликте турган кездеринде колдорунан келишинче эле аракет кылышкандай сезилет. А бирок, айрым гана кылмыш иштерин эске албасак, жалпы түзүлгөн кырдаал мурдагы эле абалда калгандыгын көрүү кыйын эмес.

Башкача болушу да мүмкүн эмес, себеби, айрым бир куркульдардын камалып, жоопко тартылышы жана алардын мүлкүнүн конфискацияланышы менен эле коомдук-саясий аба-ырайы, мамлекеттик структуралардагы эбактан бери эле айланып келген эреже-тартиптер дароо өзгөрүлүп кетпейт. Мамлекеттик, коомдук-элдик мүлккө кол салгандарга келишпестик менен, системалуу түрдөгү мамиле жасоого көнмөйүнчө, эң эле сонун мыйзамдар да кагаз бетинде гана кала беришерин турмуштук тажрыйба өзү тастыктап келе жатат. “Показательный” сымал, айрым бир олигархтардын жана саясий көз караштары келишпей, эркин ойлонуп, жалпы эрежелерге баш ийбей коюшкан, ыңгайсыз кээ бирөөлөрдү гана соттоп (же, узак убакка чейин капаста кармап, акыр-аягында болбогон бир жазалар менен бошотуп коюуу менен), ошону менен башкалардын баарын эскертип, чочутуп, тартипке салып коёбуз деген аракет — ​чолок ой жүгүртүү.

Дал ошонун айынан, азырга чейин мамлекеттик структураларда паракорлордун аягы тыйылбай, дал мурдагыдай эле орун алып келе жаткандыгын массалык маалыматтардын кабарларынан угуп-билип жатабыз. Ал тургай, айрым бир деңгээлдеги паралардын “ставкалары” жогорулап (пара алуучунун тобокелчилдиги (!) жогорулай баштагандыгынан улам имиш!) да кеткен дешет. Кечээ жакында эле мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев бул ведомстводогу жакында жасалган реформалар туурасында теледен интервью берип жатып, минтип айтып жатпайбы: ДПС менен ППСтин (жол кайгуул кызматы менен патрулдук-посттук кызматы) кошулуп, бирге чогуу кызмат кылып калышканы туура эмес болуп калды, бул эки кызматтын табияты эки башка, анын үстүнө — ​мурда жарандар бир эле адамга пара беришсе, эми экөөнө тең пара беришке туура келип жатат да! — ​деп!

Эң эле тажрыйбалуу милиционерлердин бири жана элдин эсинде калган экс-министр ушинтип жаткан соң, демек, ИИМде болуп жаткан реформаларда олуттуу кемчилдиктер кетип жаткан сыяктанат…

Ошол эле учурда, азыркы бийликтен кетип жаткан президент али премьер-министр кезинде зор шыктануу жана албан-албан бийик ойлор менен жасалып башталган сот реформасы али да аягына жетпей, ара жолдо турат. Соттор жетишпегендигинен улам, алар кароочу иштер нормадагыдан алда канча көп болуп жатыптыр, демек, бул абал дагы карала турган кылмыш иштеринин жыйынтыгына жана сапатына кандайдыр бир деңгээлде сөзсүз таасир этет.

Ошол эле учурда, мародерлук, банк ячейкалары жана мурдагы муфтий Мураталы Жумановдун өлүмү сыяктуу иштер толук аягына чыгарылбаган бойдон, формалдуу түрдө каралып, жарым-жартылай гана иликтенгенсип, арабөк калганы коомчулукка ачык көрүнүп турат. Деги кандай ички ою арам, жүрүм-туруму пас, адам деп айтууга ооз барбаган эки буттуу айбандар анын өлүмүнө кызыкдар болуп, буйрутма кылышкан? Же ал саясатчы, бизнесмен, бирөөгө бут тоскон кызмат адамы, же ишкер болбосо… Же бардык көмүскө сырлар аны эптеп (керек болсо кылмыш жолу менен да!) жылдырып, кимдир бирөөлөр үчүн абдан таасирдүү жана майлуу сезилген орунду бошотуп, анын ордуна аз адамын коюуда катылган беле?

Айтор, жаңы президентке, капысынан эле жарала калган Казакстан-Кыргызстан чек арасындагы кырдаалды чечүүдөн башка дагы, эң алгач ишке киришүүдө биринчи иретте чече турган толуп жаткан баш оорутма маселелер бар экендиги белгилүү.

Ошол иш-аракеттердин эң башкысы жана бардык иштерди идеялык-мазмундук жактан бириктирип турган жана сөзсүз түрдө коомчулуктан зор колдоо таба турган маселе — ​кылмыштык-процессуалджык иштер менен бир катарда эле, жалпы коомду моралдык-нравалык жактан тазалоо сыяктуу аракеттер дагы паралеллдүү түрдө көрүлүшү максатка ылайыктуу болот.

Уурдоо, карактоо, мамлекет жана коомдук мүлктү ар кандай жолдор менен ээлеп алуу жийиркеничтүү көрүнүш катары баалануучу көз караштардын калыптанышына, мекен жана эл үчүн дили таза, колу да, ою да, жүрөгү да таза жарандык аң-сезимге карай умтулуу зарыл. Ансыз мыйзам канчалык катаал болбосун (ал шакылдап иштеп турган күндө деле!) коомдогу терс көрүнүштөргө белгилүү бир деңгээлде гана бөгөт коюлуп, кылмыш аягы тыйылбай, конвейер сыяктуу, бир кылмыштуу топтордун ордуна башка кылмыштуу топтор (мурдагыдан да ашкере арааны ачылган) келе беришерин турмуш өзү далилдеп жатат.

Дегеле, бизде тээ эгемендиктин алгачкы жылдарынан баштап эле бардык тармактарда реформалар биринин артынан бири жасалып келе жатат, а бирок, алардын бири да өз максатына жетип, же тигил же бул тармактагы реформалар өз жемишин бере баштады деген оң бааларды угуу кыйын.

Бул жагынан алып караганда, Өмүрбек Бабановдун өзүнө кылмыш ишин козгоого байланыштуу жасаган билдирүүсүндөгү “мага өз оюмдагыдай реформа жасоо мүмкүнчүлүктөрүн беришпеди” дегени ирониялуу жылмаюуну гана жаратып тим болот. Деги, ушул бүтпөгөн, же чала-чарпыт жасалып, токтоп калган, а кийинки келген адам такыр башкача өңүттө жасай баштаган реформалардын кимге кереги бар? — ​деген суроо да жаралбайт койбойт. Же, эмне Кыргызстан ар ким, ар кандай саясатчы өзү каалаганын жасай бергидей, эксперимент жасоочу полигонбу?

Жаңы президенттин кызматка киришүүсү жакындаган сайын мурдагы президент тарабынан жасалган иштер сын көз менен кароого кабылып, электен өткөрүлө берери турган иш. Алардын оң жактарын улап, бүтпөй калгандарын улантуу жана ийри кеткенин түзөтүү — ​азыркы жаңы шайланган президенттин милдети болуп саналат. Асыресе, элдин күткөнү бир гана нерсе — ​декларативдүү, кооз кутучадагы реформалар эмес, өзүнүн күнүмдүк реалдуу жашоосунун жакшырышын жана алдыга карай ишенимдүү өнүгө башташын каалайт. Эл ага дал ушундай ишеним менен колдоо көрсөтүп, добуш беришкен. Ал үмүттөр акталабы, же мурдагы президенттер сыяктуу эле, көп убадалар куру сөзгө айланган сымал, ара жолдо калабы, — ​аны мезгил көрсөтөт. Ал мезгил сыноосу — ​дал 24-ноябрдан баштап өз жебесин карай кага баштайт.

Искендер Айталиев

Булак: “Жаңы ордо”

1 ой-пикир

  • Арман says:

    Соке куда кааласа эми жетти бийликке.элдин суроо талабын андап сезген бир туугандары бар.Атамбаевсиз эле эн жакшы саясат жургузот.Ал бузуп кеткен жерлерди ондойт.Ураа Соке алга!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *