Жаныбек Оңолбаев, ырчы: Күйөрмандарымдын көбү өңүмдөн тааныбай, ырларымды укканда таанышат

Өнөр жолунда өз ордумду тапсам деп жан үрөп аракет кылган жаштарыбыздын арасында Жаныбек Оңолбаев да бар. Ырчы студент кезинде эле өзүменен бирге окуган курдаштарынан суурулуп чыгып, алгачкы жаздырган ырлары хитке айланып, эл оозуна алына баштаган. Учурда кызуу аракеттин арты менен бир топ ийгиликтерге жетишкен ырчы мырза менен маек курдук.

– Жаныбек, өнөр жолунун ысык-суугун тартып жүргөнүңө канча убакыт болду?

– Негизи бала чагымдан эле ырга жакын болчумун. Орто мектеп билим алып жүргөндө мектептер аралык сынактарга катышып, ар кандай иш-чараларда ырдап жүрчүмүн. Орто мектепте 9-класска чейин окуп, андан соң Т.Эрматов атындагы музыка-педагогикалык колледжге тапшырдым. Ал жерде 4 жыл билим алдым. Окуп жүргөндө эң алгачкы “Сүйөм дечи” аттуу ырымды жаздырдым. Бул ырдын өзүнчө тарыхы бар. Ошол учурда “Кыргызстан обондору” радиосунда “Жылдыздар жансын” аттуу долбоор болгон. Анда комуз жана аккордеондо мыкты ойноп, ырдай алган таланттар ат салышканбыз. Кудайдын буйругу менен мен аккордеончулардын арасынан жеңишке жеткем. Долбоордун шарты боюнча жеңүүчүлөргө колдоо көрсөтүп, бир ырын жаздырып берип, обого жаңыртышмак. Негизи ырдын аранжировкасын өзүбүз жаздырганбыз. Ал эми үндү “Кыргызстан обондору” радиосунун жамааты түшүрүп, ырыбызды ободон жаңыртып элге жеткирген. Эң алгачкы жолу чоң сахнага чыгышыма да ушул долбоор себепчи болгон. Себеби дал ушул радио спорт сарайында чоң программадагы концерт өткөрүп, “Сүйөм дечи” аттуу ырымды аткаргам. Кудайга шүгүр, угармандар сүйүп уккан ырга айланды. Менин күйөрмандарымдын көбү өңүмдөн тааныбай, ырларымды укканда таанышат. “Аа, ушул ырды сен ырдайсыңбы” – дегендер көп (күлүп)

– Учурда продюсер менен иштешип жатыптырсың, өз алдынча иштөө, элге таанылуу оор бекен. Продюсерге чейинки жана кийинки айырмачылыкка токтолсоң?..

– Ушул күнгө чейин өнөр жолунун ысык-суугун сезип келе жатам. Чыгармачылык өзү абдан татаал жол. Айрымдар булар жен эле ырдап коюп акча табышат деп ойлошот экен. Туура, ырдап коюп акча табабыз, бирок ошол ырдап койгонго чейинки этап эң оор этап. Башында мага деле оңой сезилчү. Качан гана өзүм тузун татып, алгачкы клип тарттырганда гана түшүнө баштадым. Өз алдынча аракет кылып көрдүм, “бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы” дегендей, эки адам биригип иштеген алда канча жецил экен. Азыркы продюсерим Лутфилла Бусурманкулов. Ага чеийн бир продюсер менен бир жылдай иштештим. Ал да бул чөйрөдө жаңыдан кадам коюп келе жаткандыктанбы, айтор ишибиз жүрүшпөй койду. Ошол себептен биз жакшы маанайда эле коштошуп, иштешпей эле коелу деген чечимге келдик. Мурдатан эле дос болчубуз, дос бойдон эле калдык. Аны менен иштешпей калгандан кийин өз алдымча ырдап жүрдүм. Арада Лутфилла байке менен баарлашып калып, бирге иштешүү чечимине келдик. Байке менен иштешкени ишим жүрүп баштады. Иштешип калган үчүн гана аны мактагандай болбоюн, негизи эле табиятымдан арамзаалыкты, эки жүздүүлүктү жактырбайм. Бул сапатымды Лутфилла байке баалады окшойт, мага колдоо көрсөтүп, бирге иштеп келе жатабыз. Ушул күнгө чейин бир да клибимди КТРКнын “Музыка” каналынан кетире албай койгом. Деги эле кандай чыгарма алып барбайын сөзсүз бир жеринде кемчилиги болуп, кетпей калчу. Лутфилла байке менен иштеше баштаганы мурда клип тартылган ырыма кайрадан клип тартып, эми аталган каналдан бериле баштады. Учурда “Жаңы ысым” бөлүгүндө элге тартууланып жатат.

Башка телеканалдарда, интернетте жакшы жарыланып, элге тартууланууда. Жогоруда кеп кылган “Сүйөм дечи” аттуу ырыма да кайрадан аранжировка жаздырып, үн түшүрүп жатабыз. Клибин дагы Астана шаарынан тартып келдик.

– Атайын клип үчүн Астанага бардыңарбы?

– “Эки иштен бир иш” деген жакшы кебибиз бар эмеспи, анын сыңарындай Лутфилла байке Астанадагы биздин кыргыз бир туугандарыбызга концертибизди уюштуруп, Сайкал Садыбакасова, Мурадил Данияров үчөөбүз мекендештерибизге барып шаң тартуулап келдик. Концерттин шары менен клипти да тарта келдик. Лутфилла байке менен иштешкени мага да жеңил болуп калды, иштешип калганыма чексиз кубанычтамын. Байке ар дайым: “Жаныбек, жылдыз оорусу менен адам бат эле ооруп кетет, ошол нерсени азыртадан эсиңе түй, эртең ичкен кудугуңа түкүрбө” – деп акыл-насаатын айтып келет.

– Ар бир иштин баштаарда финансылык колдоого муктаж болот экенбиз. Ыр жаздыруу, клип тарттыруу, продюсериңе акы төлөө, булардын бардыгын жалгыз өзүң кантип каржылап жатасың?

– Продюсерим экөөбүздүн келишим боюнча тапкан каражатыбызды тең экиге бөлөбүз, тагыраагы 50% продюсерим, 50% мен алам. Мындан сырткары мага анча-мынча финансьшык колдоо көрсөткөн агаларым бар.

– Ырдаганың эле кийим-кече, клип, ыр жаздыруу, жарнаманын бардыгын актап жаткан экен да?

– Кудайга шүгүр, продюсеримдин күжүрмөн аракети менен тытынып иштеп жатабыз. Ал биздин бекер жатып калганыбызды каалабайт, “Жаткан адам жата берет, чуркап иштегиле” – деп концерттерди уюштуруп, жакшылыктарга алып барып, тынымсыз иш менен камсыздап турат. Кээде байкеге “бул балаң той ырчысы эле турбайбы” деген сыяктуу ойлорун айткандар да бар экен. Мен жөнүндө түрдүү сөз чыгарып, ортобузда убара тарткандарды да угуп калам. Бирок байке эч качан өзү көрмөйүнчө сүйлөй бербейби дегендей маани кылып, андайларга көңүл бурбайт. Анын бул сапатын өтө баалайм.

– Той ырчысы дегенге эмнеге чычалайсың? Азыр мен-мен деген Эл артисттеринен өйдө той менен жан багат го?

– Кыргаз эли той-топурга жакын, тойду сүйгөн элбиз. Элимде жакшылык болуп турса, өнөрүбүздү сүйүп чакырып жатса эмнеге элге кызмат кылбашыбыз керек? Ооба, менин үнүм той-топурларда ырдалган ырларды аткарууга өтө ыңгайлуу, мындайча айтканда фольклор менен эстраданын ортосундагы чыгармаларды абдан сүйөм. Үнүм да ошого ылайыкташкан. Эски ырларды абдан жактырам. Мен тойго барып ырдаганыма эч качан арданбайм. Сиз айткандай азыр Кыргызстанда мен кыйын ырчымын дегендин баары тойдо да. Элдин жакшылыгында кызмат кылууга эмне жетсин.

– Лутфилла Бусурманкуловдун командасында канча бала барсыңар, ич ара атаандашуулар болбой койбосо керек?

– Биздин командада 3 бала бар. Кудайберди Айтбосунов, Мурадил Данияров анан мен. Жакында эле Эгемендүүлүк күнүнө карата Мурадил Данияровдун тушоо кесүү концертин өткөрүп, анын туулган жерине барып ырдап келдик. Үчөөбүздү продюсерибиз бирдей карайт. “Биз командабыз, андыктан бири-бириңерди колдогула, үчөөң бири-бириңди көрө албай турсаң анда өсүү болбойт. Бардыгыңарга бирдей карайм, үчөөң тең мага бир тууганым же балам эмессиңер. Үчөөңдүн бириң артык, бириң кем эмессиңер, мен силерге бирдей карайм” – деп айтат. Бардыгыбызды бирдей иш менен камсыздап, үчөөбүздү тең караганы мага абдан жагат. Мындан сырткары алып баруучулук жааттан да тарбиялап жаткан балдары бар.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *