Жаңыл Түмөнбаеванын кызы кызматын тапшырды

Жаңыл Түмөнбаева.

Советтик системадан чыккан көрүнүктүү саясый ишмер Жаңыл Түмөнбаеванын кызы Лада Орозбаева Улуттук банктын төрага орун басарлыгынан өз эрки менен кеткени маалым болду. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы кол койду. Кезегинде күчтүү банкирлердин кол астынан тарбияланып чыккан Лада айым Улуттук банкта соңку убактагы орун алган ыпыр-сыпырга аралашпоону туура көргөнү, өзүн ар кандай махинациялардан сактаганы үчүн ушундай кадамга барганы каңкууланды. Мындай кадамга барышына бир кездери энесинен алган күчтүү тарбия себеп болгон го? Болбосо эртели-кеч туура эмес иштерге кириптер болуп калса, өзүнүн эле эмес, энесинин астына да көө сүйкөп алмак да, туурабы?

Лада Орозбаева.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *