Жаныш Бакиев: “Биз сөзсүз барабыз, болгондо да жакын арада. Күткүлө!”

Сот өкүмү менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, учурда Беларуста баш калкалап жүргөн Жаныш Бакиевдин “Искра плюс” гезитине берген маегинен:

– Күч структураларында ондогон жылдар иштеген адам катары, өзүмдүн турмуш жолумда бир нече жолу коомдон алыс ыргытылган абалды башымдан өткөргөн адам катары айтаарым, Атамбаев эмнеден улам мага мынчалык өчөшкөнү таң калыштуу. Баарына “алкоголдук психоз” башкы себеп! Сизге кайсыл адис же медик болбосун айтып бере алат, аракеч адамдар акыркы күнүнө чейин душманын гана эмес, өзүнүн жакындарын, керек болсо туугандарын, аялын, балдарын да жек көрүп өтөт. Анын бир дагы интервьюсу, сүйлөгөн сөзү Бакиевдерди эстемейин өтпөйт. Мен ойлойм, бул мырзаны жакындан билген адамдар менин сөзүмө кошулат. Ал эми билбегендер үчүн балким мен алардын көзүн ачып жаткандырмын. Атамбаевдин негизги максаты – Бакиевдерди Кыргызстанга кандай жол менен болсо да кайтып келишине жол бербөө. Ошон үчүн толгон-токой кылмыш иши, сыртынан узак мөөнөттөргө соттоолор болуп жатат. Ал өзүн түбөлүк турам деп ойлоп жатат окшойт. Бирок ал өтө жаңылышып жатат. Биз сөзсүз барабыз, болгондо да жакын арада. Күткүлө!

Булак: “Искра плюс”

15 comments

  • Сузачка says:

    Бо бо бо неужели?

  • Шайыр says:

    Келгиле кутобуз…Атам бай атабыз эмнеги жарытты эле коптогон жерлерибиз Озбекстанга кирип кетти…бийлик озу мн озу уйдун ичинен чыкпастан еле кол коюшат кылыш керек дешет тушунбойсун

  • ан ан says:

    Келбей эле кеткен жеринерде журо бергиле, силер келгенде биз жыргабайбыз, ака укаларынар эле суйунбосо, кыргыз эли оз элин аткан таш боорлорду жек корот! Атамбаев эле эмес, Кыргызстан силерге очошот, жыргатсанар ошол бийликте турган 5 жылда эле жыргатмаксынар.

  • Bul men says:

    Bul keleso bolup kalgango, prichem tut Atambaev ??? Bakieev sot, el aldimda Jana 100 ashik jash ittei attilip olgon jigitterdin ata enesinin astinda joopko tartilish kerekta.,

  • Bul men says:

    Kelgile joopko tartilgila, silerdin oordugar tyrmodo

  • Azatbek says:

    Бакиевтер силер кандай кудайдан коркпогон немесинер!!! Шашпагыла шеит кеткен 87 адамдын арбагы урат силерди

  • Бишкек says:

    Келгиле апрел, ош окуяларына ким куноолу чечишип алгыла А.Ш.А менен. Ел алдына чыгып ким куноолуу ким таза далилдеп бергиле. Кутобуз

  • Да пусть пи#дует на 4 стороны. Вся их шайка и те кто их поддерживает. Мозги включите.

  • Мекенчил says:

    Келгиле. Алкашты кочуко тебиш керек. Биротоло уят кылып бутту.

  • Бабурбек says:

    Ар бир падыша оз убагындагы денгээлди которуп, ошондой эле оз убагындагы койгойлорду жарата алган. Бакиевтин автомат которуп эл аралап атып жургонун корбоптурмун, Ошондой эле буйрук бергенин оз козум корбодум, оз кулагым менен укпадым. Уккандар, коргондор болсо эл астында суйломок ачыгын далил менен. 0,67 тыйындан качып, 1.70 тыйын толоп жашап калдык. Бирок ошол менен бирге чет олкодогу мигранттар абалы озгоргон. Негизи аны муну айыпташтын кереги жок. Келсе коро жатарбыз. Аллахтын кудурети.

    • Азат says:

      Бирок ошол Бакиевтин учурунда коптогон адамдар эр азаматтар кыраан жигиттер кырылган ал жалган эмеспи???Р.Акматбаев,Р.Шаботоев,Т.Акматбаев,Б.Эркинбаев, дагы коптогон Кыргыздын эр азаматтары бар эле каап десен,кимдин учурунда кырылышты болду экен(

  • Келечек says:

    Баарын карап турган Аллах бар! Баары оз жазасын тартышат! Биз Аллах болбогон себептен кунолоболу! Бир жактан Бакиев приказ бергенин укпаган,корпогондон кийин суйлоболу, экинчиден чыныгы Бакиев убагында коп кыргыздын эр азаматтары коз жумушту. Апрель окуясында жигиттердин коз жумушуна Атамбаевда себепкер-ал билген кандай жолго, кандай кырдалга элди жолдоп алып баратканын. Бакиев, Атамбаев асмандан тушкон жери жок, алар биздин арабыздан чыккан. Кыргызстанда, кыргыз элин онуктуробуз, жаркын келечек курабыз десек ар бирибиз озубуздон башталы!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *