Жапаров акталды!

Акыйкаттын көзүн будамайлоого эч качан болбойт эмеспи Анын сыңары 5-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарына өкүм чыкты.

Анда Садыр мырзанын агасы Сабыр Жапаров акталып, сот залынан бошотулду. Ал дароо эле ооруп жаткан атасын көрүү үчүн туулуп өскөн Кең-Суу айылына сапар алды. Ушул эле күнү Кожогелдиев Чыңгызхан 8 жылга эркинен ажыратылса, Эркланбек Тагаев, Абдыманап Бегишов, Калыбек Жапаров, 4 жылга эркинен ажыратылды, алар жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөшөт. Ал эми Адыл Исаев, Жаңыбай Жеңишбеков, Рустам Жапаров, Улан Усупов, Айдинбек Шамшидин уулу, Байгазы Казиев, Анарбек Бейшебековдор 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, аларга 1 жыл сыноо мөөнөтү берилди. Ооба, бул алгачкы баскыч. Кийинки инстанцияларда мындай акыйкатсыз чечимдер жумшарып, адилеттик туусун көтөргөн жигиттер эркиндикке чыгаарында шек жок.

Булак: “Майдан.kg”

1 ой-пикир

  • Sulayman Kayıpov says:

    Ылaйым ошондой болсун! Бийлик дегениң биздин эрaгa чейин деле ушундaй болучу: күчтүүсү күчсүзүн жеп келген, күч эшиктен киргенде aдилеттик түндүктөн чыгa кaчып тургaн. Эч нерсе өзгөргөн жок! Сaдыр – кыргыздын мыкты жигиттеринин бири. Мынчaлыккa бaрылбaш керек эле, бaрылды. Бир күн болбосо, бир күн aктaлып чыгaaрынa ишенем. Бир гaнa өкүнткөнү, өлкөгө пaйдa келтирчү жигиттин убaктысы сaя кетип жaтпaйбы. Кыргыздa мындaй, колунaн иш келген жигиттер көп эмес дa.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *