Жапаров элден башкачабы?

Кант шаарында “МИС” (машино-испытательная станция) бар. Бул жүздөгөн техника, 500 гектардан ашык жери, асыл-тукум чарбасы бар айыл-чарба багытындагы чоң ишкананы “Бир бол” партиясынын учурдагы депутаты Акылбек Жапаров менчиктештирип алганы айтылган. Учурунда Жапаров менчикке чыгарып алды дегенден кийин, ишкананын кызматкерлеринин айлыктары берилбей кыйла чуу чыккан. Бүгүнкү күндө болсо аталган мекеменин Айыл чарба министрлигинен алган насыяларын төлөй албай карызга батып, Акылбек Жапаров жүз миллиондогон сомду чапчыган карызды кечип бергиле деп Айыл чарба министрлигин эшигин жыртып чуркап жүргөн чагы. Кызык, карапайым азганактай кредит алып анысын төлөй албай калса, үйүн алдырып сызга отуруп, кан какшап калат.  Ал эми Жапаровго окшогондор миллиондогон сомдун кулкунга куюп коюшуп, анан аны кечип бергиле деп догурушканы кайсы акылга сыят. Жапаров элдин башкачабы? Төлөсүн да эл катары карыздарын…

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *