Жарадар аркар

Арпа жайлоосунун “Кызыл-Белес” өрөөнүнүн чатында он бештей аркар козугалары менен бейкапар жайылып жатты. Таң аппак атып, күн чыгайын  деп калган мезгил эле. Утуру баштарын көтөрүп элеңдешип, коркунуч туудура турган жыттар жокпу дегенсип мурундарын көтөрүшөт, табият берген сактык аларды тынчсыздандырат. Айланада эч деле кооптуу жагдай жоктой сезилет. Ошентсе да таң ата жайылган суурлардын тура калып чартылдашы сак болууну эскерткенсийт.

Андай деле кооптуу жагдай байкалбагандыктан, түнү бою тынбай оттоп тойгон аркарлар бир аз эс алууну чечип, ар кимиси ар тарапты карап (аркар жатыш) жатып калышты. Баары бир табияттан берилген сактык аларды көпкө жаткырган жок. Кайра туруп айланага көз чаптыралы дегенде тарс, тарс, тарс… деген мылтыктын үндөрү айлананы жаңыртты, тоонун ичиндеги бейкуттукту бузуп, жаныбарлардын сесин алды. Аркарлардын ичинен экөө буттарын сермеп жатып кальпшы. Ошол аркарлардын бирөө өлүп баратып башка аркарларга: «Качкыла, булар адамдар окшойт. Силерди да coo калтырбайт» – деп өздөрүнүн тилинде кыйкырганга араң жарап, көзү тунарып жатып калды. Калган аркарлар качып жөнөштү. Аркарлардын ичинде өңү аппак, өзү чоңураак, көздөрү жайнаган өзгөчө аркар бар эле. Ошол аркар качып бара жатып көздөрү караңгылап, эти оорлонгонсуганынан байкаса, капталынан кан жайылып агып жатыптыр. Жарадар болгонун сезип, эптеп бир үңкүргө барып корголоону чечти. Дайыма тоо арасында жүргөндүктөн тоодогу үңкүрлөрдүн көбү ага жат эле, ошол үңкүрлөрдүн бирине корголоого козугасын ээрчитип жөнөдү. Эптеп үңкүргө жетип корголоп туруп калышты.

Элеңдеп айлананы тыңшап, тынчы кетип, артынан кууган эч нерсеси жокпу дегенсип кулак түрүп турду. Качан гана айлананын тынчтыгына көзү жеткенде, бир аз тынчыгансый түштү. Бирок денеси жаңылдап күйүп, башы айланып суусап чыкты. Ушул мезгилде тоонун таза булагынын суусунан кана жутса денеси жеңилдей түшөт беле, а бирок суу алыс болгондуктан, анын үстүнө шайынын жоктугунан сууга жетмек кайда.

Эртең менен эле эч нерседен капары жок оттоп жүргөн аркардын башына кыйындык түштү. Анын арты жамандык менен бүтөөрүн аркар өзү сезип турду. Антсе да айла канча, тагдырдын башка салганын көтөрбөскө чара барбы. Жараатынын оордугунан жаны жер тартып, башы тегеренип жатып калды. Ошол абалда эч козголо албай түнү бою кыйналып чыкты. Эртең менен сыртка чыгып айлананы карап, бир аз оттойун десе ага чамасы келбеди. Күн кеч кирип, кайра түн кирди. Аркардын абалы оорлогондон оорлоп барат. Аттин ушул мезгилде тээ кара тоонун боорундагы аскадан тамчылаган мумиядан жаласа, жараты бир аз жеңилдей түшөт беле, бирок ага жетүүгө чама кайда…

Түн ортосу ооп калганда болгон кайратын жыйып, сыртка эптеп чыгайын десе чыга албады. Дарманынын жоктугуна көзү жетип тынч алып жатып калды. Оо, андайда уйку кайда, уйкунун ордуна өткөн мезгил көз алдынан чубуруп өтүп жатты. Айланайын Ала-Тоонун аймагы ай. Кышы бир азыраак катаал болгону менен жазы, жайы, күзү бейиштей жагымдуу эле го.

Өзгөчө жай мезгили көз уялткан кооздугун сөз менен айтып жеткириш өтө кыйын эле. Ар бир коктудан агып түшкөн мөлтүр таза суулары Ала-Тоонун ичин шаңга бөлөп, жан-жаныбарларга жашоонун ырахатын тартуулап турчу эмес беле. Көздүн жоосун алган ар түркүн кооз, ажайып гүлдөрү ай, жапжашыл шибер жанга жагымдуу чөптөрү ай, ошол чөптөрдү оттогондо кышта кыйналып чыксак деле бат эле ирденип кетчү эмес белек. Too арасындагы ширесинин даамы ооздон кетпеген ар түрдүү жемиштери ай, азыраак сыркоолой түшсөң бат эле айыктырган дары чөптөрү ай, мөлтүр таза булактары ай, Ала-Тоону өзгөчө кооздукка бөлөгөн карагай, арча, кайыңдары, жыты аңкыган карагаттары, аралап кирип кетсек эч кимге көрүнбөй далай шапар чекчү элек го. Бизди ар түрдүү кырсыктардан коргоп, бейпилдик берип турган асман тиреген аска-зоолоручу, чокусуна чыксаң бүт аалам алаканга салгандай көрүнүп турчу эмес беле. Ала-Тоонун ичин өзгөчө шаңга бөлөгөн куштарынын сайраганычы, ар өзөндө булбулдар сайрап, торгой таң ата тирүүлүктүн күүсүн чалып, улар, кекилик, чилдердин мукамдуу үндөрү, бүркүттөрдүн тоо жаңыртып шаңшыганы өзгөчө шаң берип турчу эмес беле. Айта берсе түгөнбөгөн Ала- Тоонун кооздугу көздүн жоосун алып, анда жашаган жан-жаныбарларды жашоого кумарлантып, жипсиз байлап кетирбей турчу эмес беле. Адамдар айтып жүргөн ажайып кооз курорттор ушул Ала-Тоонун ичинде эле го. Кээде бир күн ачык мезгилде карап турсаң тээ алыста бейпил жайылган тоо кийиктери, кулжачалардын сүзүшүп эркин ойногону, козугалардын секирип чер жазганы, нык тойгон кулжалардын ныксырап уктап жатышы, аюулардын мамалактарынын алышып ойноп, болтондоп куушканы, суурлардын чар тарапта эркин, коркпой жайылып жүрүшү бейпилдиктин анык белгисин далилдеп турчу.

Ошондой бейпил жайлоодо убакыт да бат өтөт экен. Көз ачып-жумганча жай да өтүп, тез эле күз келип, келээрки жылдын төлүнө кам көрөөр элек. Ошондо жайлата эркин семирген кулжалар күзгү оттоокторго түшүп аркарларга аралашып, аларга көз кырын салышып, аркар талаш башталаар эле. Кудай бетин салбасын, көңүлгө жаккан аркарын өзүнө имерип, башка кулжаларды жолотпой бөлүп кетиш үчүн керээлден-кечке баштары, мүйүздөрү кызыл ала кан болгончо сүзүшүп, эстери оогондо араң токтошоор эле. Анан күчтүүлөр күчү жокторун сүрүп таштап, өздөрүнө жаккан аркарларын бөлүп кетишээр эле. Мени да ошондо кечке сүзүшүп жатып чоң, сүрдүү, эң эле москоол алабаш кулжа имерип алган. А дегенде аны көп жактыра бербесем да, кийин анын ак пейилдигине, камкордугуна имерилип жанынан чыкпай калдым эле. Ошол кулжадан үч жыл удаа жакшынакай козучаларды тууп, кийин алар чоңоюп, башка аркарлар менен аралашып өз тиричилигин кылып кетишпеди беле. Мына азыр мени менен үңкүрдө жаткан козуга да ошол кулжадан болчу. Эми ал экөөбүздүн тагдырыбыз минтип туюкка кептелип олтурат. Турмушта дайыма эле бейпилдик боло бербейт экен. Кээде кооптуу күндөргө да кабылчубуз.

Көбүнчө биздин тынчыбызды карышкырлар алып турушчу. Алар капысынан уктап жатканда аңдып келип баса калып же буйтка жерде күтүп туруп жанынан өтүп бара жатканда капысынан кол салып жыгып калышчу. Бул оңбогон карышкырлар өтө амалдуу келишет экен. Кээде 5-6 дан бөлүп топтошуп алышып кол салышканда биздин айлабыз кетип калаар эле. Биздин ишенген куралыбыз эле төрт бутубуз, кимдин буту күчтүү болсо, ким ылдамыраак чуркаса ошол кутулуп кетет. Ал эми ооруп же начарлап жаткандар алардын жеми болду дей бер. Андан калса бул шүмшүктөр ар түрдүү амалды ойлоп табышат экен. Кээде көп карышкырлар уюшуп алышып ар кайсы жерге жашынып туруп алышат. Анан бирөө келип бизди байкатпай туруп кууп жөнөйт. Биз жанталашып качып баратканда алар да чарчап алыстап калат. Эми кутулдук го деп баратканда, күтүп турган башкасы кууп жөнөйт. Ал чарчап баратканда башкасы кууп жөнөйт. Ошентип беш-алты карышкыр алмашып кууганда шайың кетип чуркай албай каласың. Анан көзүндү жалдыратып туруп бересиң. Алар кыргын салып жарып киришет. Алар тойгонуна карабай, бир топ кийикти кырып салышат. Андан башка жолборс, илбирс, чөө дегендер болот. Бирок аларга биз көп кабылган жокпуз. Мына ушулардын баарын адамдар жырткычтар деп аташат экен. Бирок адамдардын өзүлөрунүн жырткычтыгы алардыкынан алда канча ашып түшөт. Бул оңбогон адамдардын көптөрүндө эле мылтыктары бар. Аңдыганы эле бизбиз. Колдору бошосо эле келип атып өлтүрүп же жарадар кылып кетишет.

Анан өтө коркунучтуусу булардын уу кылганы. Көп адамдар чогулуп ууга чыгышат. Тоодогу биз качып чыгуучу жерлердин баарын ар кимиси ар кайсы жерге олтуруп тосуп алышат, анан бирөө келип бизди оттоп жаткан жерибизден андып атып, анан тайгандарын коё беришет. Биз жанталашып чуркап тоого таяна бергенде шайыбыз кетип асталап калганда ата башташат, оңго чыксаң оң жактагысы, солго чыксаң сол жактагысы, тике чыксаң төбөңдөн атып киришет. Анан кайда качаарынды билбей көзүңдөн отун чачырайт. Мындайда кудай сактап ажалың жок болуп эле кутулбасаң, аман калуу жокко эсе. Мындан да коркунучтуусу вертолет деп аталган учактар менен аңчылыкка чыгышканы. Оо кудай, анын бетин көрсөтпөсүн. Накта кыргын ошондо башталат. Андай мезгилде сен ойдо жүрөсүңбү, тоодо жүрөсүңбү, качып баратасыңбы, оттоп жүрөсүңбү аларга баары бир. Асмандан бир күркүрөгөн үн чыгат да, анан ал үн жакындап келгенде асмандан аткан ок жамгырдай жаай баштайт. Мына ушундай алааматка кабылсаң, чындап ажалыңдын жеткени ошол. Ал жерден тирүу калуу мүмкүнчүлүгү өтө эле аз. Чогуу жашаган кийиктердин кырылып жатканын өз көзүң менен көрүү өтө эле аянычтуу. Кээси талуу жерине ок тийсе мүрт эле кетет, кээси жарадар болуп онтоп жатат, кээси ичеги-карды, өпкө-боору чубалып сойлоп жүрөт, кээси качсамбы деп бир аз чуркап барып кайра жыгылып жатат. Айтор накта кыямат кайымды ошол жерден көрөсүң. Эптеп арча-карагайдын арасына сойлоп кирип кеткен бирөө жарымы эле аман калбаса, калганы бүт кырылат. Ал вертолет менен аң уулагандар жайбы-кышпы же жазбы, кар көппү-азбы, аба ырайы суукпу же ысыкпы ага деле карабайт экен. Өзгөчө жаз мезгилинде төл башталып калган кезде болгону өтө аянычтуу. Жаңыдан туулуп көзү-башы кургай элек төлдөрдун өлгөнү, бооз кийиктердин өлүп жатканы, энесинен ажыраган улактардын айласын таппай маарап, чырылдап жатканы зээниңди кейитет. Бирок колубуздан эмне келмек, сай-сөөгүң зыркырап, көз жашыбызды төккөндөн башка айлабыз жок.

Ар түрдүү куралдарды жасап алып бирин-бири аттырып кырьш, өзүлөрү куруп алган шаарларын талкалап, өзүлөрүнүн бала-чакаларын аябаган адамдар бизди аямак беле?! Ар бир өрөөндө «Үйгөн баш» деп аталган коктулар бар. Анын мындай болуп аталып калышы ошол жерлерде кырылган кийиктердин баштарынын дөбө болуп үйүлүп жаткандагынан улам. Ал кыргындардын айрымдары кар көчкүлөрдүн кесепетинен, жырткычтардын кол салгандыгынан болсо, көпчүлүгү ушул эле адамдардын ырайымсыздыгынан болгон. Оо, айланайын жараткан, адамдарга ыйман бере көр, адамдардын аео сезимин ойгото көр, жаратылышты кыйраткандар ошол жаратылыштын талкаланышынан жок болоорун алардын эсине сала көр, адамдардын мыкаачылыгынан сактай көр.

Ушуларды ойлоп аркардын санаасы-санга бөлүндү. Бул жарааттан айыкпасына көзү жетип, башка түшкөндү көтөрбөскө чара барбы деп тынчып жатып калды. Козугасы болсо курсагы ачып, чыйпылыктап энесинин эмчегин сорумуш болот. Бирок сүт чыкмак кайда?! Ошентип дагы бир түн өттү. Үчүнчү күнү эртең менен аркар болгон күчүн жыйнап эптеп сыртка чыкты. Айлананы караса күн жаңыдан тоонун башынан чыгып алтын нурун чачып келе жаткан мезгил экен. Ошондогу күн нуруна чагылышкан Ала-Тоонун ажайып сулуулугу ай. Сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес эле. Тээ алыста ушул эле кийиктердин кичи мекени аларды ар түрдүү кырсыктардан калкалап турган аска-зоолор күн менен чагылышып жалтылдап бир керемет көрүнөт. Эч нерсе жетпеген, кийиктерден башканын буту тийбеген аска-зоолор, керемет бийик чокулар мурдагыдан да сулуу, мурдагыдан да сүрдүү, эң эле жагымдуу, башкача сыйкырдуу көрүнөт. Ала-Тоонун ар бир коктусунан жылтылдап агып түшкөн мөлтүр таза суулар, тоолорго өзгөчө көрк берип турган арча-карагайлар, ар түрдүү жемиштер, тээ түздөгү жайнаган гүлдөр, тукабадай кулпурган көк шиберлер, ар түрдүү куштардын таң ата сайраганы тирүүлүктүн шаңына-шаң кошуп денени балкытат. Мына ушулардын баарын аркар акыркы жолу көрүп турат, антсе да болгон күчүн жыйнап Ала-Тоосу менен, тирүүлүк менен коштошуп жатты. Кош, айланайын Ала-Too, кошкула бир туугандарым, кошкула! К…о…о…ш… Кайра үңкүргө эптеп кирип суналып жатып калды. Көзү караңгылагандан караңгылап, денеси баш ийбей бара жатты. Өлүп бара жатып козугасынын тагдырын ойлоп зээни кейиди. Мен болсо ажалдан кутула албай калдым окшойт, эми отуга элек козугамдын тагдыры эмне болот? Ал дагы ачкачылыктын курмандыгы болобу?

Алда тагдыр ай, ушундай оор, ушундай аянычтуу белең? Жок дегенде козугам аман калса болбойт беле.

А козугасы да ачкачылыктан шайы кеткенден кетип, эптеп энесинин эмчегин оозуна салып сорумуш болуп, бирок сүт чыкпагандыктан эмчекти оозуна салган боюнча тынчып баратты… Айлана тынчыгандан тынчып, күн тийип турган менен караңгылык каптап бара жатты…

Кемелгазы Ниязов

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *