Жасалма документ менен наристени Москвага алып бараткан адам кармалды

Кыргызстандын жараны жасалма документ менен наристени Москвага алып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-ноябрда Ош аба майданынан Москвага уча турган жүргүнчүлөрдү каттоо маалында чек арачылар жаш курагы кичүү баланын күбөлүгүн көрсөтүү менен наристени өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылган адамды кармашкан.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган адам УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *