Жаш оппозиционер Мавлян Аскарбеков Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 2-октябрда жаш оппозиционер, “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Мавлян Аскарбеков Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мавлян Аскарбеков буга чейин, 2014-жылы “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрү менен ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевге каршы “Шералынын чокою” акциясын өткөрүп, бийлик камакка алгандардын арасында болгон.

Дача СУдагы авиакырсыктагы жүк Атамбаевдикиби же кимики деген суроону кабыргасынан коюп, бийлик ага каршы КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча жалаа жаап, кылмыш ишин ачкан. Азыр, жаңы бийликтин тушунда ошол Атамбаевдин кылмыштуу режими жаш оппозиционер Мавлян Аскарбековго каршы ачкан кылмыш иши  жабылганы айтылууда.

Ошондой эле жарандык активист Мавлян Аскарбеков бийликтеги КСДП партиясынын депутаты Дастан Бекешовду жана КСДПнын “торпедасы” Алга Кылычевдин чыныгы жүздөрүн ачып, сындаганы үчүн алигиче соттошуп жүрөт.

Кыязы бийлик оппозиционерлер менен кызматташып көрүүнү чечкендей. Анда жаш оппозиционер Мавлян Аскарбековго бийлик тепкичтеринде ийгилик каалайбыз.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *