Жаш топ тепкичтердин агачкы ийгилиги

31-октябрь күнү ордо калаабыздын Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча жаштары 19га чейинки Азия чемпионатына иргеп алуу мелдешинде биздин жаш топ тепкичтерибиз Непал командасын кабыл алды. Стадионго келген сүрөөнчү, күйөрмандары аз болгон менен бүйүр кызыткан мелдеш оюндун эки бөлүгүндө тең жүз көрдү. Биринчи таймда 1:0 эсеби катталып, биздин топ тепкичтер өзгөчөлөндү. Экинчи таймда Непалдын каратору оюнчулары үстөккө-босток чабуул жасап, биздин дарбазанын айланасында 2-3 жолу кооптуу абал жаратканы менен майнаптуу жыйынтык чыгара алышкан жок. 94 мүнөттө биздин балдар конокторго экинчи топту киргизип оюн 2:0 эсебинде аяктады.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *