Жаш жигитти жайлагандар колго түштү

Бишкектеги Чоң Чүй каналынын жанында сөөгү табылган жигиттин өлүмүнө шектүү делген адамдар кармалды. Бул тууралуу кечээ 12-мартта Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты. Аталган түзүмдүн маатыматына караганда, 3-мартта саат 13:10до 102 кызматына каналдын жанында 18-20 жаштагы жигиттин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге жөнөп кеткен Биринчи май РИИБдин жана ШИИБдин ыкчам иликтөө тобу жаш жигиттин зомбулук менен өлтүрүлгөн, тактап айтканда бычакталган сөөгүн табышкан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде, аталган оор кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталып, жыйынтыгында 1999-жылы жана 2000-жылы туулган эки жаран кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *