Жазалоону гана билген прокурорлор да жазаланды

Башкы прокурордун 2018-жылдын 6-августундагы буйругу менен 11 кызматкерге карата эскертүү, 8 кызматкерге сөгүш, 9 кызматкерге катуу сөгүш, 9 кызматкер ээлеген кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү, 12 кызматкер кызмат ордунан төмөндөтүү жөнүндө тартиптик жазалары жарыяланган.

Атап көрсөткөндө, төмөндөгү кызматкерлер кызмат ордуларынан төмөндөтүлүштү: Ош шаарынын прокурору, Ош шаарынын прокурорунун орун басары, Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, Бишкек шаарынын прокурорунун эки орун басары, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурору, Ленин районунун прокурорунун орун басары, Биринчи Май районунун прокурорунун орун басары, Октябрь районунун прокурорунун орун басары, Чүй облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын прокуратура бөлүмдөрүнүн башчылары жазаланышты.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *